Элчилик: Москвада ок жеген кыргызстандык жарандын абалы оор
Москвада октон жаракат алып, ооруканада жаткан кыргызстандык жарандын абалы оор. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги маалымдады.
Ага ылайык, 27-сентябрда полицияга 26 жаштагы кыргызстандык жарандын башына ок тийгени тууралуу маалымат түшкөн. Аны "Тез жардам" кызматы ооруканага жеткирген.
Бул факты боюнча Москва шаарынын Красносельск райондук тергөө бөлүмү "Адамдын ден соолугуна атайылап оор залал келтирүү" беренеси менен кылмыш ишин козгоду.
Элчилик жарандын абалы оор болгондуктан аны менен байланышуу мүмкүн болбогонун белгилеп, Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгү менен чогуу бул ишке байкоо салып турарын маалымдаган.
Айрым жергиликтүү басылмалар 26-сентябрда түндө Москванын Ольха көчөсүндө ок тийген 26 жаштагы кыргызстандык жаран оор абалда табылганын жазышкан. (ZKo)