Алдоо жолу менен жарандардын мүлкүнө ээ болгон киши Москвадан кармалды
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүргүзүү учурунда Москва шаарынын аймагынан Ош облусунун тургуну, 1978-жылы туулган К.К. аттуу жаран кармалды. Ал жасалма документти атайылап пайдалануу менен документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды кол менен жасоо, даярдоо, берүү же пайдалануу беренеси боюнча айыпталып, издөөгө алынган.