Москва: учак кырсыгынан бир адам каза тапканы ырасталды
5-майда “Аэрофлот» компаниясынын учагы "Шереметьево" аба бекетине чукул конууга аргасыз болуп, күйүп кетти. Орусиянын Тергөө комитети бир адам каза тапканын, дагы төрт киши жаракат алганын тастыктады. Ошол эле кезде орусиялык маалымат каражаттар өлгөндөр жана жабыркагандар андан көп болушу мүмкүн экенин жазып жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алты адам ооруканага жеткирилгенин кабарлады.
Интернетке тараган жана Орусиянын мамлекеттик телеканалы көрсөткөн видео тасмада куйругу жалындап күйүп, кара түтүн чыккан "Sukhoi Superjet 100-95" учагы аба бекетине келип конуп жатканын көрүүгө болот.
Маалыматтарда Москвадан Мурманскка жөнөгөн учактын ичинде беш экипаж мүчөсү жана 73 жүргүнчү бараткан. Ал асманга көтөрүлгөн соң 20 мүнөттөн кийин авариялык абалдан улам кайра конууга аргасыз болгон.
ТАСС агенттигинин жазганына караганда, ага чагылган тийген, ал эми башка бир маалыматтарда учак конуп келе жаткан кезде күйүп кеткен.
Орусиянын Тергөө комитети аталган факты боюнча кылмыш ишин козгоду.