Новосибирскиде өрттөн каза болгон кыргызстандыктардын тек-жайы аныкталды
- Учурда тергөөчүлөр иш алып барууда. Орусияга жакында эле келип жаңыдан иштеп башташкан экен. Биринчисинин аялы жана жаш баласы, экинчи жигиттин атасы ушул жакта экен. Азыр жердештери тыйын жагынан жардам берели деп жатабыз, - деди Нуралы Акбаралы уулу.
4-январда эртең менен Новосибирск облусунун Чернореченский аймагында бут кийим кампасында өрт чыгып, андан он киши көз жумган. Анда иштеген 24 жана 27 жаштагы Кыргызстандын жарандары да каза болгон. Алардын бири Жалал-Абад облусунун Ноокен, экинчиси Базар-Коргон районунун тургундары экени белгилүү болду. Ал эми 17 жаштагы кыргызстандык жаран денеси күйүп, ага медициналык жардам көрсөтүлгөн.
Маалыматтар боюнча, өрт эки миң чарчы метрди чапчыган. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, өрттүн себептери иликтенүүдө. (КЕ)