БУУ: ИШИМ дагы деле коркунуч туудурууда
БУУнун башкы катчысынын террорчулукка каршы күрөшүү боюнча орун басары кечээ, 11-февралда БУУнун коопсуздук кеңешинин жыйында Сирия жана Ирактагы ИШИМ террордук уюму дагы деле коркунуч туудуруп жаткандыгын белгилеп, бул террордук топтун көзөмөл астында 3000дей чет өлкөлүк согушкерлер бар экендигин билдирди.