Требуем привлечь к уголовной ответственности мошенника Балтабаева и ОсОО "Мега компани"
КР Президенти, КР Коопсуздук Кеңешинин башчысы С.Н. Жапаровго
КР УКМК төрагасы К.К. Ташиевке
ЖАМААТТЫК АРЫЗ
2021 жылы август айында Кара-Суу районунун Каратай айылында бажы кампа-терминалын куруу үчүн Кадамжай районунда туулган Балтабаев Нурсултан (экинчи аты Нургазы) (тел. 0776988888) менен оозеки келишип, темирден ширетүү иштери менен кампа курганбыз, анын акчасын толук бербей туруп, экинчи кампаны темирден куруу үчүн дагы Каратай айылында бажы кампа-терминалынын башчысы Балтабаев Нурсултан (Нургазы) менен 5 октябрь 2021 жылы оозеки келишип, 5 октябрьдан 10 ноябрьга чейин 35 күн сегиз адамдан куручуулар бригадасы курганбыз. Бирок, ушул кунгө чейин келишкен 484 650 сом акчабызды бербей жатат.
КР Түштүк-Батыш бажысынын 01.06.2022 ж. №23-03-22/1400 сандуу катынын негизинде ал бажы кампасы ОсОО “Мега -Компани” ОсООга тийиштуу экен.
Биз бажы кампасын курганыбыз жөнүндө фактыларыбыз, фотосүрөттөрүбүз, күбөлөрүбүз бар.
Н. Балтабаев: “Ишти кыла бериңиздер, акчасын берем”- деп, бизди алдап, ишеничимизге кирип, 80 миң сом гана аванс акчабызды берген, башка акча берген эмес. Бир нече жолу кайрылганыбызда Н. Балтабаев: “Сабр кылыныздар, берем”, “Бажы терминалы ачылсын берем”, “Жаңы жылга чейин берем”-деп убада берип жүргөн. Андан кийин биз телефон чалсак, Н.Балтабаев телефонун албай койгон. Адвокат Р.М. Дуйшембаевке кайрылсак, ал телефон чалса, Н.Балтабаев аны согуп, тилдеп, коркутуп, шантаждаган.
Кийин билсек Н. Балтабаев көп куруучуларды алдап, акчасын бербей койгон экен. Мисалы үчүн Давран аттуу ширетүүчүнү. Ал Ош областтык прокуратурага кайрылып гана акчасын алган.
Ошол бажы кампасында коопсуздук сакчысы болуп иштеген Стальбек алты ай айлык албаган, ага темир тыныке саткан Хусанбай акчасын ала албаган, ошондой фактылар толтура. Бирок, Н. Балтабтьаев: “Ана берем, мана берем”- деп, ар кандай шылтоолор менен бизди жана аларды алдап жүрөт.
Биз алдамчы Н. Балтабаевке ишенип, башка куруучуларга үй-бүлөөбүздүн акчасын берип, карыз болуп калдык. Н. Балтабаевдин мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында бизге материалдык жана моралдык чыгым келтирилген.
КР Президенти С.Н. Жапаров карапайым элди алдаган алдамчы, жалганчы, аферисттерди кылмыш жоопкерчилигине тартып, элге келтирген зыянды төлөтүүнү укук коргоо органдарына тапшырма берген. Бирок, Н. Балтабаев Президент тапшырмасына түкүрүп, бизди алдап, ишеничибизге кирип, акчабызды бербей жатат.
Н. Балтабаевдин кылмыштуу аракеттеринде Алдамчылык, башкача айтканда алдоо же ишенимин кыянаттык менен пайдалануу жолу менен олуттуу эмес өлчөмдөгү башка бирөөнүн мүлкүн ээлеп алуу же мүлккө болгон укукка ээ болуу, төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун, алдын ала бүтүм боюнча КР КЖК 209 бер. 1 бөл. менен, Ишенип берилген мүлктү олуттуу эмес өлчөмдө ыйгарып алуу же коротуу, төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосундар олуттуу өлчөмдө, алдын ала бүтүм боюнча КР КЖК 210 бер. 1 бөл. менен квалификацияланат.
Жогоркулардын негизинде Сизден суранам:
1. Н. Балтабаевди КР КЖК 209 бер. 1 бөл., 210 бер. 1 бөл. менен кылмыш жоопкерчилигине тартуунузду жана кармоонузду.
2. Н. Балтабаевдан биздин 484 миң 650 сом акчабызды жана бизге келтирген материалдык жана моралдык чыгымдарыбызды өндүрүп берүүнуздү.
Алдамчылык курмандары Ф.Б. Насиртдинов,
Х.Б.Насиртдинов, 07 август 2022 ж.