Бишкек: Чет элдик студенттер жабыркаган түнкү кырдаал
18-майга караган түнү Бишкекте болгон окуядан жалпы 29 киши жабыркаганын кыргыз өкмөтү билдирди. Маалыматка караганда, жабыркагандардын көбү ооруканага жаткан эмес, азыр үч чет элдик дарыланууда. Пакистандын элчилиги 15 жараны жабыркаганын ырастады.