"Карылыкты чыгыш акылмандарындай өткөрүш керек"
Кыргыз эл жазуучу, агартуучу, тарыхчы Кеңеш Жусупов быйыл 86 жашка толду. Учурда калемгер карылыкка моюн сунбастан, китеп түзүү менен алектенүүдө. Жарык көрүү алдында турган “Кыргыздар” аттуу 40 томдук китепти Каныбек Иманалиев менен бирге түзгөн.