Теги орусиялык окумуштуу химия боюнча Нобел сыйлыгын алды
Химия боюнча Нобел сыйлыгы быйыл АКШда эмгектенген үч окумуштууга берилди. Алар - Массачусетс технологиялык институтунан Мунги Бавенди, Колумбия университетинен Луис Брус жана Nanocrystals Technology Inc компаниясынан Алексей Екимов. Сыйлык аларга "кванттык чекиттерди ачкандыгы жана синтез үчүн" ыйгарылды.
Теги орусиялык 78 жаштагы Алексей Екимов мындай кристаллдарды алгачкылардан болуп ачкандардын бири.
Өлчөмү бир нече нанометрдик кристаллдык бөлүкчөлөр нанотехнологиянын негизги объектилеринин бири. Алар медицинада жана жогорку технологияда колдонулган жасалма атомдор катары каралышы мүмкүн.
Сыйлык ээлери жарыяланарга бир нече саат калганда алардын ысымдары Нобел комитетин ин ачыкка чыгып кеткен катынын айынан коомчулукка белгилүү болду.
Буга чейин физика жана медицина тармагында Нобел сыйлыгынын ээлери аныкталган.
Нобелдин Тынчтык сыйлыгынын лауреаты 6-октябрда белгилүү болот.
Лауреат болгон адам тогуз милллион швед кронун же 900 миң доллар алат.
Нобел - мыкты илимий изилдөөлөр, ойлоп табуулар, маданиятка же коомдук өнүгүүгө кошкон ири салым үчүн жыл сайын берилүүчү эң абройлуу эл аралык сыйлык. Нобел фонду 1900-жылы негизделген.