УКМК мурдагы министрди жемкорлукка айыптады
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен ага караштуу Жаратылышты өнүктүрүү фондунун кызмат адамдары коррупцияга аралашкан фактылар иликтенип жатканын билдирди.
УКМК айткан чыгымдар
Мекеменин 22-июлдагы маалыматына караганда, бул боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү сегиз адам аныкталды, алардын алтоо УКМКнын тергөө абагына камалды, башка шектүүлөр боюнча да иш жүрүүдө.
"Жакын арада мурдагы министр Динара Кутманованын өзү менен тергөө иш-чараларын өткөрүү пландалууда", - деп жазылган маалыматта.
Айып тагылып, үй камагына алынгандар арасында Кутманованын эжеси жана Жаратылышты өнүктүрүү фондунун адиси, ал эми тергөө абагына камалгандар министрликте мурда иштеген бир катар жетекчи кызматкерлер, фонддун башчысы, бир ишкер жана Кутманованын үй кызматчысы экени кабарланды.
Атайын кызматтын маалыматына караганда, 2021-жылдан берки үч жылда “Кумтөр” ишканасынан жаратылышты жана экологияны коргоого 969 миллион сомдон ашуун акча бөлүнгөн, анын 789 миллиондон ашыгы Жаратылышты өнүктүрүү фонду аркылуу 110 долбоорду ишке ашыруу үчүн жеке адамдарга жана ишканаларга берилген.
УКМКнын билдиришинче, фонддун акчасы туура эмес коротулган, мисалы, жумушчуларга атайын кийим сатып алуу тууралуу келишим Кутманованын уулунун жакын досунун “Хожаев” деген ишканасы менен мыйзамсыз түзүлүп, 11 миллион сомдук миң даана кийимди сатып алууга 34 миллион сом коротулган.
Каржыланган 110 долбоордун 22си текшерилгени, алардын көбү өз максатына туура келбей турганы, кээ бирлери бюджеттик акчаны чыгарып кетүүгө шылтоо гана болгону айтылды.
УКМК Кутманованын уулу министрликтин жана фонддун ишине кийлигишкени, ал долбоорлорду каржылоо суммасынан 10% акчаны өзүнө алып турганы, беш ишкерден 17 миллион сомдой, “Жашыл мурас” фондунун долбоорунан 7,5 миллион сом алганы тууралуу көрсөтмөлөр бар экенин билдирди.
Атайын кызмат Чүй облусунун аймагында чакан ГЭС куруу үчүн 23 миллион сом алган коомдук фонддун директору иш жүзүндө Кутманованын үй кызматчысы болуп иштегенин, ал аркылуу мурдагы министрдин үй-бүлөсү 15 миллион сомду кымырып алганын маалымдады.
20-июлда өкмөттүн жарым жылдык ишин жыйынтыктаган жыйында атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев коррупцияга аралашкан мамлекеттик кызматкерлер эртеби-кечпи жазасыз калбайт деп эскерткен. Ал жыйында Кутманованы Кумтөрдүн акчасына байланыштуу айыптаган.
"Кумтөрдөн Жаратылышты коргоо фондуна жылына дээрлик 4 миллион доллар бөлүнүп турган. Акыркы 2,5 жылдын ичинде 1 миллиард сомдун тегерегинде акча бөлүнгөн. Ал жерде 110дон ашык долбоор иштетилген, бирок бүгүнкү күндө бир дагы долбоордон натыйжа жок. Ал жерге (Кутманова - ред.) баласын, сиңдисин, тууган-уругун, досторун, баарын аралаштырып алган. Ошонун баары азыр, ал иштен кеткенден кийин чыгып жатат. Бирок биз буга чейин иштеп жатканбыз, ушунун негизинде жазасын алышат".
Эске сала кетсек, Жаратылышты өнүктүрүү фондунун директорун УКМК жемкорлукка байланыштуу быйыл июнь айында кармап, камакка алган.
Кутманованын уулун кимдер барымтага алган?
Динара Кутманова атайын кызматтын дооматтарын четке кагууда. 22-июлда “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып ал Таластагы Андаш алтын кенин мамлекеттен тартып алуу боюнча көрүлгөн аракеттерге каршы турганын жана өлкө жетекчилигине ал жөнүндө туура эмес маалымат жеткирилгени үчүн ушундай абал түзүлгөнүн айтып берди.
“Геология мекемесиндеги Андашка аралашкан кызматкерлердин аракети болуп жатат. Мен аны так айтам. Андашты, 2 миллиард долларлык кенди, мамлекеттен ажыратып, жеке компанияга бергендердин аракети. Мунун аркасында геология мекемесиндеги мафия турат”, - деди ал.
Айрым маалымат булактары Кутманованын уулуна издөө жарыяланганын кабарлашты.
Бирок экс-министр мындан кабарсыз экенин айтууда. Ал өткөн айдын соңунда уулун Түркиядан белгисиз бирөөлөр кармап кетип, “Кыргызстандагы айрым адамдардын буюртмасы менен” деп 2 миллион доллар талап кылып, кийин кое беришкенин, аны ким уурдап, ким буюртма бергенин аныктоо өтүнүчү менен ИИМге да, УКМКга да кайрылып, бирок алигүнчө жооп албаганын билдирди.
Кутманова УКМКнын өзүн жемкорлукка айыптаган кылмыш иши тууралуу азырынча прессадан гана угуп-окуп жатканын, эч ким ага расмий кайрыла электигин белгиледи.
“Жалган сөздөр көп болуп, чаташтырып жатышат. Камчыбек Кыдыршаевичке, балким, кол астында иштегендер туура эмес маалымат берүүдө. Объективдүү карап териштирсе баары ордунда экени чыгат. Долбоорлордун баары башталган, бүтө элек. Натыйжасы жок деп азыр айтуу эрте. Анткени бак-дарактар тамыр алып, түшүм бергенче убакыт керек”.
Ал уулу Кемелбек Кутманов тууралуу айыптоолорду курулай сөз деп атады жана “Менин балам коррупцияга аралашкан эмес” деп билдирди.
Динара Кутманова – 1998-жылдардан бери экология тармагында ар кандай кызматтарда иштеп келген. 2012-жылдары “Кумтөр Голд Компаниге” коюлган 261 млрд. сомдук доону Садыр Жапаров жетектеген депутаттык комиссиянын экологу катары эсептеп чыкканы менен белгилүү. Дал ушул учурда Жапаровдун ишенимине киргени айтылып жүрөт. 2021-жылы “Кумтөр Голд Компаниге” каршы сотко арызданган жарандык активисттердин арасында анын уулу Кемелбек Кутманов дагы болгон.
Динара Кутманова министр болуп 2021-жылдын октябрында дайындалып, кызматынан быйыл мартта күтүүсүз алынган. Ал мунун себебин коррупцияга каршы күрөшү “кимдир бирөөгө жакпай калганы” менен түшүндүргөн.