Кыргызстанда Нотариалдык палатанын башкаруу органы шайланды
Бишкекте нотариустардын биринчи чогулушу 21-июлда өтүп, анда Нотариалдык палатанын башкаруу органы шайланды.
Бул тууралуу Юстиция министрлигин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, өлкөнүн аймактарынан чогулган 300дөн ашык өкүл катышкан жыйында нотариалдык тутумду реформалоо жана буга чейинки аткарылган иштер талкууланган.
Мындан сырткары, Нотариалдык палатанын иштөө принциптери макулдашылып, башкаруу органдары шайланган.
Жыйынга президенттин администрациясынын өкүлдөрү жана Жогорку Кеңештин депутаттары баштаган чиновниктер, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышкан.
Кыргызстанда 90 мамлекеттик жана 340 жеке нотариус бар. Алардын 47% Бишкек шаарында, 27% Чүй облусунда кызмат көрсөтөт. Калган алты аймакта калктын санына жараша ар бир облуска бирден үчкө чейин мамлекеттик нотариустар бар.
Жеке нотариустар калкка тилкат, ишеним кат саяктуу документтерди бекитип берген кызматтарды аркалайт.
Мамлекеттик нотариустар Юстиция министрлигине баш ийет, үй, жер баштаган кыймылсыз мүлктү мураска өткөрүп берүүдө негизги ролду ойногон расмий документтерди катташат, документтердин түп нускасы менен иштеп, аны сакташат. (MKt)