Нарын: оңдолбой жатып ойрон болгон жолдор
Ушул күндөрү Нарын шаарынын ички көчөлөрү оңдолуп, асфальт төшөлүп жатат. Бирок шаар тургундары иштин сапатсыз жүрүп жатканына нааразы. Анткени оңдолгонуна бир ай боло элек көчөлөрдөгү алфальт чөгүл, кайра аң-чөнөктөр пайда болуп жатат.