Жалал-Абадда бийликти сындаган ишкер камакта отурат
Жалал-Абаддагы ишкер Бакыт Борошов 18-апрелден бери камакта. Аны УКМКнын облустук башкармалыгы кармап, кылмыш ишин козгогон. Ишкердин адвокаты мыйзам одоно бузулганын билдирүүдө. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонудунун аймактагы бөлүмү - "Элдик" ишканасынын жетекчилиги Борошов мамлекеттик мүлктү бир жыл бекер иштетип, акча төлөбөгөнүн жүйө келтирди. Ал ортодо адистер соңку кезде бийликтин басымынан улам ишкерлер чет жактарга чыгып кетип жатканын айтып, коңгуроо кагышат.