Пакистанда көмүр кенин талашуудан чыккан кагылышта 16 киши каза болду
![Пакистанда көмүр кенин талашуудан чыккан кагылышта 16 киши каза болду](https://gdb.rferl.org/0357DC3C-4DC3-4A9C-850E-1E50F6FDC52D_w800_h450.jpg)
Пакистандын Хайбер-Пахтунхва аймагындагы көмүр кенин талашуудан жаралган куралдуу кагылышта 16 киши мерт болуп, үчөө жараат алды.
Полициянын басма сөз кызматы “Азаттыктын” Пакистан кызматына билдиргендей, Дара Адам Хел районунда жергиликтүү Суннит-хел жана Заргун-хел урууларынын ортосунда атышуу болду.
Эки уруунун өкүлдөрү ондогон жылга созулган талаш-тартышты чечүү максатында чогулганда чыр тутанган.
Көмүр - бул райондогу тургундардын маанилүү киреше булагы.