Өзбекстан: Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум жазда өтүшү мүмкүн
Мыйзамга ылайык референдум өткөрүү демилгесин Өзбекстан жарандары, парламент жана президент көтөрө алат.
Байкоочулар Мирзиёев 20-декабрдагы кайрылуусунда добуш берүүнүн датасын айта турганы күтүлгөн, бирок андай болгон жок. Президент Конституцияны жакшыртуу иши уланып жатканын билдирди.
Өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоору быйыл 26-июнда коомдук талкууга чыккан. 100дөн ашык түзөтүүнүн арасында Каракалпакстандын суверендүүлүгү тууралуу беренени алуу сунуш кылынган. 1-2-июль күндөрү жумурияттын борбору Нукуста жергиликтүү тургундар ага каршы чыгып, башаламандык тутанган жана кан төгүлгөн.
Алымча-кошумчалар кабыл алынса, президент Шавкат Мирзиёевдин кызматтагы мөөнөтү саналбай, ал эмки шайлоодо ат салыша алат.