Министрлик: Кыргызстан жыгачты ЕАЭБден тыш эч жакка экспорттобой турат
“Тыюу Орусияда өндүрүлүүчү жыгач материалдарына гана эмес, кайсы гана өлкө болбосун, баарына карата киргизилген” деп белгиленди аталган билдирүүдө.
Бүгүн 21-декабрда “Клооп” басылмасынын сайтына “Кыргызстан Беларуска Евробиримдиктин санкцияларын кыйгап өтүүгө кантип жардам берүүдө” деген иликтөө жарыяланган. Анда иликтөөчү журналисттер Беларустун жыгачы Кыргызстан жана Казакстандын атынан Евробиримдиктин аймагына экспорттолуп жатканын аныкташкан. Евробиримдик өз аймагына Беларустун жыгачын импортоого тыюу салгандан кийин аны Кыргызстандын документтери менен ташып кирүү 18 миң эсе көбөйгөн. Эксперттердин айтымында, Кыргызстан Орусия менен Беларуска санкцияларды айланып өтүүгө жардам берүүнүн кесепетин тартып калышы толук мүмкүн.
“Азаттык” бул маселеге байланыштуу “Кыргызстандарт” мамлекеттик мекемесине кайрылганда анын жетекчилиги мындай продукцияга бир дагы сертификат бербегенин, бирок Кыргызстандын аймагында сертификация менен алектенген 20дай жеке компания бар экенин билдирди.
Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстан керектөөдөгү жыгачтын 90% көбүн чет өлкөдөн, көбүнчө Орусиядан ташып келет. (RK/AiB)