Добавить новость
World News in Kyrgyz





160*600

Новости сегодня на DirectAdvert

Новости сегодня от Adwile

Актуальные новости сегодня от ValueImpression.com


Опубликовать свою новость бесплатно - сейчас


Бакировдун иши: кол тийбестик жана жоопкерчилик

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен кайым айтышкан Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров парламенттеги иш бөлмөсүнөн көчүрүлгөнүн ырастады.


Бир мандаттуу Көк-Жар округунан шайланган Өмүрбек Бакиров депутаттык мандатынан ажыратуу үчүн аны "каралоо жүрүп" жатканын билдирди. Ошол эле кезде Бакировдун мандаты боюнча соттук териштирүү жүрүп, эл өкүлү аны "саясатташтырып жатканын" айткандар да бар.


Керкидан, кекилик, иш бөлмөдөн көчүрүү

17-ноябрда парламенттин жалпы отурумунда депутат Бакиров кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча келишимди бекитүү учурунда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге берген суроолору аны басынтууга, кысым жасоого жана парламенттин жетинчи кабатындагы иш бөлмөсүнөн көчүрүүгө негиз болгонун билдирди.


"Керкидан суу сактагычы да 2017-жылы өтүп кеткен экен. Анан Камчыбек Кыдыршаевич өзү "ошол жерден кемчиликтер кетип калыптыр" деп айтып калды. Анан "ошол боюнча иш алып баргандардын ысымдарын атап койбойсузбу, териштирип чыктыңызбы" деп гана сурадым. "Териштирген жокмун" деди. Анан эле жекеликке өтүп, "сенин ким экениңди билебиз, кантип шайланып келгениңди билебиз, жакында көрөсүң" дей баштады. Ал жерде мен тууралуу сөз болуп жаткан жок. Мени кааласаңар бышырып жегиле, бирок маселе башкада десем эле, "бышырып жегидей, сен кекилик белең" дегени - коркутуп-үркүтүү болгону айдан ачык эле көрүнүп турбайбы. Мамиле ушундай болду. Көпчүлүк депутаттар унчукпай отурду. Жума күнү менин иш бөлмөмдөн буюмдарымды сыртка чыгарып салышты. Ал иш бөлмөнү 2020-жылы Ак үйдүн ичи өрттөлгөндөн кийин өз эсебибизден оңдоп чыгып, анан отуруп калганбыз. Аны мен күч менен ээлеп алган эмесмин. Мен бул иш бөлмөгө байланган жерим жок", - деди Өмүрбек Бакиров "Азаттыктын" журналистине.



Фейсбук социалдык тармагына жарыяланган президенттин иш башкармалыгынын башчысынын орун басары Элмира Усенованын колу менен депутат Бакировго жолдонгон катта "Жогорку Кеңештин ишмердигин оптималдаштыруу жана жумуш орундарын иретке салуу максатында 7-кабаттагы 705-бөлмөнү 18-ноябрда саат 13:00гө чейин бошотууңузду өтүнөм" деп жазылган. Ошондой эле депутатка башка бөлмө берилери да көрсөтүлгөн.




Кол тийбестик жана жоопкерчилик


Бул ишти депутаттык кол тийбестикке шек келтирүү катары сыпаттагандар да бар. Алардын бири юрист Таттуубүбү Эргешбаева Фейсбук баракчасына мынтип жазып чыкты:


"Бул депутаттык кол тийбестикке, анын конституциялык кепилдигине жасалган басымдын көргөзмө мисалы. Депутат Өмүрбек Бакировдун иш бөлмөсүн тартып алышты. Болгондо да аны иш бөлмөсүнөн көчүрүү тууралуу ага эч кандай расмий билдирүү жиберилген эмес. Ошондой эле ал өзү дагы эч бир документтерге кол койгон эмес. Эми эмне үчүн мындай болуп жатат?"




"Депутаттын макамы тууралуу" мыйзамда депутатты сүйлөгөн сөзү, көз карашы жана сын-пикири үчүн куугунтуктоого тыюу салынары жазылган.


УКМК төрагасы Ташиев 18-ноябрда "Регион" телеканалына курган маегинде айрым депутаттар чек араны тактоо ишинде саясий упай топтоо үчүн чагымчыл маалыматтарды таратып, парламентте ага кычык суроолорду бергенин белгиледи.


"Биз соңку үч айда элге толук маалымат жеткирүүгө мүмкүнчүлүк болгон жок. Себеби бул келишим биз үчүн ыңгайлуу жана пайдалуу болгондуктан, анын мазмунун алдын-ала ачып койсок, анда бул нерсе бузулуп кетмек. Ал эми биздин кээ бир депутаттар билбей туруп эле ар кандай ушак таратышты. Алар эптеп эле мамлекетте ызы-чуу болсо, кыргыз-өзбек чек арасы чечилбей калса экен, темир жол курулбай калса экен, анан Кыргызстанда тополоң болуп, анын шары менен бийликке келип калсак экен деген топтор бар. Ошолор каралап, ушак таратып турушту", - деди атайын кызматтын жетекчиси.


Өткөн иштин изи



17-ноябрда парламентте Бакиров чек ара келишмине каршы добуш берген. Депутат ушул тапта ага каршы "каралоо өнөктүгү" жүрүп, мурдагы козголгон кылмыш ишин жандандыруу аракети башталганын белгиледи:


"2021-жылы декабрда Ички иштер министрлиги "Ө. Бакировдун добуш сатып алууга эч кандай тиешеси жок" деген мазмунда министрдин орун басары Аширходжаевдин колу менен кат берген. Ошонун негизинде БШК мага мандат берген. Депутат болуп отурганбызга бир жылдан ашкандан кийин азыр эми ошол мурда токулган ишти кайра жандантып, мурдагы күбөлөрдү кайра көрсөтмө берүүгө мажбурлап жатышканы тууралуу маалыматтарды алдым. Жаңы-Ноокаттагы айрым бир адамдарды алып чыгып, мага каршы көрсөтмө алууга аракеттер жүрүп жатыптыр".



Айрым активисттер Бакиров бул "ишти саясатташтырууга" аракет кылып жатканын белгилешет. Жарандык активист Кеңешбек Жумабаев депутат аны мандатынан ажыратуу боюнча сот чечимин саясий кызыкчылыкка пайдаланып жатканын мисал келтирди:


"Жакында эле облустук сот прокуратурага кайрылат. Ал көзөмөл органы. Ал БШКга сунуш жиберет. Анда Өмүрбек Бакировдун мандатын алуу сунушталган. БШК болсо жакында бул ишти карап, Бакировдун мандатынын тагдыры чечилет. Анын алдында Өмүрбек Бакиров атайын Камчыбек Ташиевди элге жаман көргөзүү үчүн шоу кылды. Ага Керкидандын дагы, Кемпир-Абаддын дагы кереги жок. Себеби дегенде соттун чечими күчүнө кирип, анын мандаты алынып калса, Камчыбек Ташиев анын депутаттык мандатын алып койду дегенге баруу үчүн ушундай кылды. Анын башка себеби жок".


Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы депутат башкы көзөмөл органы Өмүрбек Бакировду депутаттык мандаттан ажыратуу боюнча БШКга сунуш киргизип жатканы тууралуу маалыматты ырастаган жок.


БШКга Бакировдун депутаттык мандатына байланыштуу документтер келип түшпөгөнүн комиссиянын мүчөсү Абдыжапар Бекматов билдирди.


17-ноябрда парламентте депутат Бакиров менен УКМК төрагасы Ташиев айтыша кетип, аны кийин башкы чекистке болушкан башка бир депутат териштирүүгө чакырып, залда ызы-чуу чыгып, эл өкүлдөрү бири-бирине ызырынган эки жакты ажыратып калган эле.




 


Загрузка...

Читайте на сайте

Другие проекты от 123ru.net








































Другие популярные новости дня сегодня


123ru.net — быстрее, чем Я..., самые свежие и актуальные новости Вашего города — каждый день, каждый час с ежеминутным обновлением! Мгновенная публикация на языке оригинала, без модерации и без купюр в разделе Пользователи сайта 123ru.net.

Как добавить свои новости в наши трансляции? Очень просто. Достаточно отправить заявку на наш электронный адрес mail@29ru.net с указанием адреса Вашей ленты новостей в формате RSS или подать заявку на включение Вашего сайта в наш каталог через форму. После модерации заявки в течении 24 часов Ваша лента новостей начнёт транслироваться в разделе Вашего города. Все новости в нашей ленте новостей отсортированы поминутно по времени публикации, которое указано напротив каждой новости справа также как и прямая ссылка на источник информации. Если у Вас есть интересные фото Вашего города или других населённых пунктов Вашего региона мы также готовы опубликовать их в разделе Вашего города в нашем каталоге региональных сайтов, который на сегодняшний день является самым большим региональным ресурсом, охватывающим все города не только России и Украины, но ещё и Белоруссии и Абхазии. Прислать фото можно здесь. Оперативно разместить свою новость в Вашем городе можно самостоятельно через форму.



Новости 24/7 Все города России




Загрузка...


Топ 10 новостей последнего часа






Персональные новости

123ru.net — ежедневник главных новостей Вашего города и Вашего региона. 123ru.net - новости в деталях, свежий, незамыленный образ событий дня, аналитика минувших событий, прогнозы на будущее и непредвзятый взгляд на настоящее, как всегда, оперативно, честно, без купюр и цензуры каждый час, семь дней в неделю, 24 часа в сутки. Ещё больше местных городских новостей Вашего города — на порталах News-Life.pro и News24.pro. Полная лента региональных новостей на этот час — здесь. Самые свежие и популярные публикации событий в России и в мире сегодня - в ТОП-100 и на сайте Russia24.pro. С 2017 года проект 123ru.net стал мультиязычным и расширил свою аудиторию в мировом пространстве. Теперь нас читает не только русскоязычная аудитория и жители бывшего СССР, но и весь современный мир. 123ru.net - мир новостей без границ и цензуры в режиме реального времени. Каждую минуту - 123 самые горячие новости из городов и регионов. С нами Вы никогда не пропустите главное. А самым главным во все века остаётся "время" - наше и Ваше (у каждого - оно своё). Время - бесценно! Берегите и цените время. Здесь и сейчас — знакомства на 123ru.net. . Разместить свою новость локально в любом городе (и даже, на любом языке мира) можно ежесекундно (совершенно бесплатно) с мгновенной публикацией (без цензуры и модерации) самостоятельно - здесь.



Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net