Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи агрегатын иштетүү үчүн сынак жарыяланды
Анда агрегатты ишке киргизүү үчүн долбоорлоо, жабдууну жеткирүү жана орнотууга сынак жарыяланганы жазылат. Маалыматка караганда, Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи агрегатын эксплуатацияга берүү үчүн Кыргызстан Евразия өнүктүрүү жана турукташтыруу фондунан каражат алган. Суммасы көрсөтүлгөн эмес.
2010-жылы Камбар-Ата-2 ГЭСинин биринчи агрегаты ишке берилген.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров феврал айында 2022-жылы Камбар-Ата – 1 ГЭСинин инфратүзүмүн куруу жана Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи гидроагрегатын эксплуатацияга берүү иштери башталарын билдирген. (TSh)