Экватордук Гвинеяны 43 жыл башкарган Обианг Нгема кайра президент болду
Ал 1979-жылы Африкадагы бул мамлекетинин биринчи президенти болгон тууганы бийликтен кулатылгандан бери өлкөнү жетектеп келеатат. 43 жылдан бери бийликте отурган Обианг Нгуэманы эл аралык укук коргоо уюмдары жана оппозиция аны диктатор деп аташат.
Добуш берүүнүн алдында Обианг Нгуэма бул жолу да жеңишке жетерине ишенимин билдирген. Анын эки атаандашынын бири беш жолу талапкер болгон, экинчиси шайлоого биринчи жолу катышты.
Оппозициянын талапкери добуш берүү бурмаланганын айтып, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү бюллетендерди жапырт үкөккө салган учурлар болгонун белгиледи. Reuters агенттиги борбор Малабодо гана салыштырмалуу таза өткөнү байкалганын жазды.
Бийлик мыйзам бузуулар болбогонун айтууда.