Төө-Ашуудагы автоунаа кыймылына чектөө киргизилди
![Төө-Ашуудагы автоунаа кыймылына чектөө киргизилди](https://gdb.rferl.org/22075809-4325-448c-91fe-d5c28a69d889_w800_h450.jpg)
Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу ашуусунан жүк ташуучу автоунаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди. Транспорт жана байланыш министрлиги маалымдагандай, чектөө бүгүн, 26-октябрда саат 11:40тан тартып киргизилди, аба ырайы жакшырганга чейин уланат.
Маалыматка ылайык, ашууда кар бурганактап жаап жатат. Транспорт ишканалары жолду кардан тазалоо жана кум-шагыл чачуу иштерин жүргүзүп жатканын министрлик маалымдады.
Кыргызстанда 17-октябрдан тарта аба ырайы кескин өзгөрүп, суук түштү. "Кыргызгидромет" өлкөнүн көпчүлүк аймагында жаан-чачын болуп, тоолуу жерлерге кар жаай турганын кабарлаган. 25-октябрдан тартып бир катар облустарда жаан, тоолуу аймактарда кар жаай турганы маалымдалган.(ZKo)