Үч өлкө темир жол долбоорунун негиздемесин каржылоону макулдашты
Сакиев “Кыргызтемиржолу” ишканасы менен Кытай темир жол курулуш корпорациясынын Долбоорлоо-изилдөө институтунун ортосундагы келишимдин негизинде Кыргызстанга 160 адис келип, Нарын жана Жалал-Абад облустарында жер-жерлерде изилдөө иштерин жүргүзүп жатканын кошумчалады. Техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгуунун алкагында алар топографиялык изилдөөлөрдү жүргүзүшөт, кыртыштын үлгүсүн сынашат.
Сакиев депутаттардын суроосуна жооп берип жатып Кыргызстандын аймагына сегиз чакты станция куруу пландалып жатканын, бирок анын так саны негиздеме иштелип бүткөндөн кийин белгилүү болорун билдирди.
Өзбекстандын Самарканд шаарында 14-сентябрда Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин алкагында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун долбоору боюнча кызматташууга кол коюлган. Макулдашууларга ылайык, жол тилкеси "Торугарт – Арпа – Макмал – Жалал-Абад" багыты менен өтөт. Үч өлкөнүн адистери долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин 2023-жылдын 1-июлуна чейин бүтүрүшү керектиги айтылган.
Торугарт - Арпа - Макмал - Жалал-Абад темир жолунун узундугу 280 чакырымды түзөт. Ички долбоордун болжолдуу баасы 5 млрд. долларга барабар экени буга чейин кабарланган. (КЕ)