Пакистандын экс-премьери Имран Хан беш жыл бою мамлекеттик кызматка бара албайт
Пакистанда өкмөт кызматкерлерине баасы кайсы бир суммадан ашпаган белектерди гана сактоого уруксат берилет.
Имран Хандын адвокаты Жогорку сотко доо-арыз менен кайрыларын билдирди. Ал эми мурдагы өкмөт башчынын партиясы "Техрик-и Инсаф" тарапташтарын комиссиянын чечимине каршы көчөгө чыгууга чакырды.
Үч жылдай бийликте отурган мурунку крикет жылдызы Имран Ханга 10-апрелде парламент ишенбөөчүлүк көрсөтүп, кызматтан кетүүгө аргасыз болгон.
70 жаштагы Имран Хан саясий кризистин тутанышын АКШдан көрүп келет. Ал Кытай жана Орусия менен жакындаганы үчүн Вашингтон ага каршы кутум уюштурду деп эсептейт. Бирок буга эч кандай далил келтире алган эмес. АКШ мындай дооматтардын баарын четке каккан.