Кворумдан улам парламенттин түштөн кийинки жыйыны болбой калды
Парламенттин түшкө чейинки жыйынында депутаттар ар кандай маселелер боюнча сүйлөшүп, мамлекеттик жана коомдук ишмер, мурдагы Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Алмамбет Матубраимовдун 70 жылдык маарекеси белгиленди.
Анын өмүр жолун чагылдырган тасма көрсөтүлдү. Иш-чарага парламенттин мурдагы төрагалары, коомдук жана мамлекеттик ишмерлер катышты. Мурдагы премьер-министр Апас Жумагулов, легендарлуу парламенттин төрагасы Медеткан Шеримкулов, академик Миталип Мамытов, Жогорку Кеңештин IV чакырылышынын төрагасы, депутат Адахан Мадумаров куттуктоо сөзүн сүйлөштү.
Жогорку Кеңештин 7-чакырылышы 2021-жылы 28-ноябрда шайланып келди. 90 депутаттан турган чакырылыш 29-декабрда ишин баштаган. 2021-жылдагы конституциялык реформага ылайык 90 депутаттын 36сы бир мандаттуу округдардан шайланат. (КЕ)