Астанада Жапаров, Путин жана Рахмондун жолугушуусу өттү
Ал үч тараптуу сүйлөшүүдө таңуулаган жагдай жок экенин, бирок жолугушуу жогорку мааниге ээ экенин кошумчалады.
Сүйлөшүүлөрдүн калган бөлүгү жабык форматта өтүп жатат.
Жолугушуу Астанадагы эл аралык жыйындардын алкагында болуп жатат.
Бул Кыргызстан менен Тажикстан президенттеринин чек арадагы ондогон адамдын өмүрүн алган соңку куралдуу кагылыштан кийинки алгачкы жолугушуусу.
16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган.
Дүйшөмбү кайра айыпты Бишкекке оодарган. (КЕ)