"Кемпир-Абад" маселеси: президент Өзгөнгө барды
Президент Садыр Жапаров 4-октябрда Ош облусуна караштуу Өзгөн районуна барып Кемпир-Абад маселесинен улам эл менен жолугушуу өткөрүүдө.
Бул жолугушууга Жогорку Кеңештеги фракция лидерлери, айрым депутаттар, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев дагы катышууда.
"Азаттыктын" аймактагы кабарчыларынын билдиришинче, жолугушуу райондук акимчиликтин ичинде өтүп жатат жана келгендер залга толук батпагандыктан президент эл менен бир канча жолугушуу өткөрүлөрүн айткан.
Учурда акимчиликтин сыртында ондогон адам топтолуп турат жана алар президенттин эл менен жолугушуусу сыртта, ачык өтүшүн, Кемпир-Абадга байланыштуу толук, ачык-айкын маалымат берилишин талап кылышууда.
Президенттин Өзгөндөгү сапары тууралуу анын басма сөз кызматы азырынча расмий маалымат тарата элек.
Өзгөндө өткөн аптада Кемпир-Абадга байланыштуу нааразылык акциялары өткөн. Анын алдында Жогорку Кеңештеги "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров бул маселени парламентте көтөргөн.
"Азыр "Кемпир-Абад кетти" деген сөздөр катуу кетип жатат. Биз өткөндө эле ошол жердеги "беш айыл өкмөттүн тургундары менен жолукмайынча бул маселени токтотуп турсаңар" деп сунуш бердик эле. Макул болгон, ошондо президент дагы, өкмөт дагы отурган",-деген Мадумаров.
Чогулгандардын айрымдары социалдык медиага чогулушка телефон алып кирүүгө уруксат бербей жатканын жазышты.
Буга чейин 29-сентябрда Өзгөндө "Кемпир-Абад" маселесине байланыштуу 100дөй адам чогулган. Алар суу сактагычтын жери коңшу мамлекетке өтүп кетиши ыктымал деген кооптонуусун билдирип, эки тараптуу соңку келишимдердин мазмунун ачыкка чыгарууну талап кылышкан.
2021-жылдын 24-25-мартында Ташкентте чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кыргыз-өзбек өкмөт аралык комиссиясынын жыйыны өткөн, ага Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев катышкан.
26-мартта Ташиев Бишкекте маалымат жыйын куруп, Кыргызстан менен Өзбекстан "Кемпир-Абад" суу сактагычынын (Өзбекстандагы аталышы – Анжиян суу сактагычы) плотинасын Өзбекстандын территориясы деп калтырып, анын суу ресурстарын чогуу пайдаланууну макулдашканын билдирген. Ал кыргызстандыктар "Кемпир-Абаддын" суусунан толук пайдалана аларын белгилеген жана чек арада жер берүү деген эми болбой турганын, алмашуу гана болорун белгилеген.
27-мартта президент Садыр Жапаров кыргыз-өзбек чек арасы боюнча соңку кадамдарды тарыхый мааниге ээ деп эсептей турганын айткан.
Бийликтин бул билдирүүлөрүнөн кийин бир катар нааразылык акциялары өткөн. Кызыл-Октябрь айылынын айрым тургундары 21-22-апрелде акцияга чыгып, үч боз үй тигишкен. 18-апрелде Москвадагы кыргызстандык мигранттар да бийликтин чечимине каршылык билдиришкен.
Ошол эле жылдын 25-апрелинде Камчыбек Ташиев Өзгөндө эл менен жолугушканда "Кемпир-Абад" суу сактагычынын жанындагы 50 гектар жер Өзбекстанга берилбей турганын айтып, "Элдин талабы - биз үчүн эң жогорку талап. "Кемпир-Абадды" бербейбиз дедиңерби, бербейбиз. Аны азыркы бойдон калтырабыз. Өзбекстанга өткөрүп бербейбиз", - деген