ЮСАИД чек арадагы кол салууда жабыркагандарга 8 миллион сом бөлөт
Кошмо Штаттарынын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (ЮСАИД) Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салууда аргасыз жер которгон тургундарга жардам ирээтинде 8 миллион сом берет. Каражат 400дөй үй-бүлөнүн гуманитардык муктаждыктарына жумшалат.
"Бул америка элинен кыргыз элине жардам. Баткендеги жүздөгөн үй-бүлө кабылган кыйынчылыктарды жеңилдетүүгө багытталган эл аралык гуманитардык аракеттерге биздин салымыбыз",-деди АКШнын Кыргызстандагы элчиси Соната Коултер.
Бул жардам эл аралык Кызыл чырым жана Кызыл жарым ай коому жана аркылуу таратылат.
16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстан "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атоодо. Тажикстан да ушундай турумду карманууда.
Кыргызстан кол салуудан бери дегенде 62 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады, алардын 13ү балдар, 14ү аялдар.
Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирди, "Озоди" радиосу 74 кишинин тизмесин жарыялады. Бул маалыматты көз каранды эмес башка булактардан тактоо мүмкүн эмес болууда.