Добавить новость
World News in Kyrgyz





160*600

Новости сегодня на DirectAdvert

Новости сегодня от Adwile

Актуальные новости сегодня от ValueImpression.com


Опубликовать свою новость бесплатно - сейчас


Чек арадагы куралдуу кагылышка аралашкан "кара кийимчендер"

Кыргызстандын бийлиги соңку чек ара жаңжалында "тажик аскерлеринин катарында террордук уюмдардын мүчөлөрү болушу мүмкүн" экенин билдирди.


Соңку куралдуу чек ара кармашында тажик тарапта “террордук уюмдардын мүчөлөрү катышканы мүмкүн экенин” алгач Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов 19-сентябрдагы маалымат жыйынында билдирди. Ал буга куралдуу жаңжал учурунда тартылган видео тасмаларды далил келтирди. Коопсуздук кеңешинин катчысынын айтымында, жаңжалга катышкан куралчан адамдардын бири Ооганстандын жараны экени ырасталган.


"Биз видеотасманы бере алабыз. Ал интернетте деле жүрөт. Балким, силер деле көрүшүңөр мүмкүн. Анда аскерлердей куралданбаган адамдар тобу өрттөлгөн танктын жанынан өтүп баратканын көрүүгө болот. Алардын арасынан "афганка" деген баш кийим кийген бир адамдын тек-жайын аныктадык. Азыркы ооган бийлиги ал адамдын ооган жараны экенин ырастады. Мындан улам кол салган өлкөнүн катарында эл аралык террордук уюмдун мүчөсү катышкан деп айта алам", - деди Иманкулов.



Ал жаңжал маалында кыргыз аскерлери мыкаачылык менен өлтүрүлгөн учурлар болгонун, бул аскерлерге мүнөздүү эмес экенин жана куралдуу топтордун колунан келиши мүмкүн экенин кошумчалады. Иманкулов муну жаңжалга куралдуу топтордун аралашуусунун кыйыр далили катары сыпаттап жатат.



Коопсуздук кеңешинин катчысы өзү "ооган жараны" деп айткан адамдын тек-жайы кандайча ырасталганын тууралуу кеңири маалымат берген жок.



Тажик күчтөрүнүн катарында чет өлкөлүк жарандардын да бар болушу ыктымалдыгын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов да айтып чыкты. Ал "Би-Би-Си" радиосуна маегинде соңку жаңжалда Тажикстан тарапта аскерлер менен катар "Ооганстандан келген согушкерлер да болгонун" белгиледи.


Байсалов "Азаттыкка" мындай маалымат бийлик органдарында бар экенин ырастады.



Кыргыз бийлиги жогорудагы айтылган маалыматтар боюнча "иликтөө жүрүп жатканын, зарыл болсо кол салуунун далилдерин эл аралык деңгээлге алып чыгууга даяр экенин" билдирип жатат.



Анткен менен расмий Дүйшөмбү Кыргызстандын жетекчилигинин мындай маалыматын толугу менен четке кагууда.



20-сентябрда Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги атайын билдирүүдө: "Мындай фактыларды бурмалоо, фейктерге негизделген билдирүү эки өлкөнүн коомчулугун адаштыруу максатын көздөйт. Эки элге оор болуп турган учурда кырдаалды козутуучу мындай жалган билдирүүлөрдүн кесепети үчүн жоопкерчилик аларды чыгарган авторлорго жүктөлөт", - деп айтылат.



Бирок Дүйшөмбү Марат Иманкуловдун кайсы сөзүн четке какканын так белгилеген эмес.


Табышмактуу "кара кийимчендер" ким?

Акыркы куралдуу жаңжал башталган 14-сентябрдан тарта эле Кыргызстанда куралдуу кагылышууга "Тажикстан тараптан жарандык кийимчен, ар кыл топтордун мүчөлөрү аралашуусу мүмкүн" деген жоромолдор айтылып жаткан.


Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы атышуу учурунда тажик тараптан кара кийимчен, сакалчан адамдар эл жашаган аймактарды, үйлөрдү минемот менен аткылаганы өзгөчө бушаймандык жаратып жатканын маалымдаган. Мындай маалыматты УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев да 15-сентябрдагы басма сөз жыйында билдирген:






"Дагы бир нерсе - тажик тараптан атайын чагым даярдалганын көрдүк. Биздин Чек ара кызматы алар жакта кара кийимчен, башка формадагы адамдар ок чыгарганын көрүп, каттоого алышкан. Алар азыр деле бир жерлерде өңүп жатышы мүмкүн. Ошондуктан, биз буга байланыштуу керектүү чечимдерди карап жатабыз. Биз мамлекетибиздин чек арасына бир метрге да эч кимди киргизбейбиз жана коопсуздугубузду сактайбыз. Биз ал шектүү адамдар тууралуу маалыматыбызды Тажикстан жана башка тараптарга айтып, кабарладык"


Кийинчерээк социалдык тармактарда чек арадагы окуялар тууралуу ар кандай видеотасмалар тарады. Андан дал ушундай сүрөттөмөгө дал келген адамдарды байкоого болот. Алардын айрымдары кара күрмө, башкалары камуфляжчан жана курал-жарактарын текшерип жатканы тартылган.


Eurasianet сайты кыргыз-тажик чек арасындагы окуя тууралуу 17-сентябрда жазган макаласында төмөнкүлөргө көңүл бурган.




"Бирок кадрлардан ал адамдар куралчан топтордун согушкерлериби же армиянын жоокерлериби жана видео качан тартылганын баамдоо мүмкүн эмес",- деп жазган.


Eurasianet басылмасы мисал келтирген дагы бир ролик Telegram каналында тараган. Анда камуфляжчан, бирок аскердик белгилери жок эркектердин тобу тик учакта куралдарын дүрмөттөгөнү көрүнүп турат. Макаланын автору алар кармашка аттанып жаткандай таасир калтырарын жазып, бирок анын качан тартылганын так аныктоо мүмкүнчүлүгү жок экенин кошумчалаган.






Кыргызстандагы көз карандысыз "Политклиника" порталынын журналисттери аталган фото, сүрөттөрдүн текшерип, "кара кийимчен, курал көтөргөн адамдарды" аныктаганын жарыялады.



Кыргызстандык журналисттер мындан башка да Телеграмда тараган бир нече видеотасмада жарандык кийимчен адам болгонун белгилеп, иликтөө жүргүзүп жатышат.



Табышмактуу "кара кийимчендер" жөнүндө жаңжалга катышкан кыргызстандык айрым аскерлер да айтып чыгышты.






Маселен, Баткендеги "Достук" чек ара бекетиндеги кармашта жаракат алган Шайырбек Аманкул уулу тажик аскерлерине окшобогон кара кийимчендер тууралуу жергиликтүү телеканалдардын бирине минтип айтып берген:



"Кара формачандар дөңдөн түшүп келди, заставанын үстүнөн. Биздин аскерлерди өлтүрүштү, танктарды жарып, заставаны өрттөп кетишти. Эми алар деле аскер кызматкерлери экен, бирок тажик эмес, башка...кара формачан. Мен тажик аскерлеринин формаларын билем, сары формачандар, аларды көрдүм, ары жакта жүрдү, кире алган жок заставага. Кара формачандар кирди".



Тажикстандын бийлиги табышмактуу "кара кийимчендердин" чек арадагы кармашка аралашканын жокко чыгара да, ырастай да элек.


Буга чейин "Озоди" радиосу 15-сентябрда эртең менен Тажикстандагы жарандык согуш маалында түзүлгөн "Элдик фронт" деп аталган түзүмдүн ардагерлери чатак чыккан аймакка жөнөтүүнү суранып чогулганын маалымдаган. Бирок Тажикстандын Ички иштер министрлиги согуш ардагерлеринин чогулганы жөнүндө маалыматты чекте каккан.


Расмий Дүйшөмбү жаңжал тууралуу чектелүү маалымат берип, анда кыргыз тарапты ок атууну биринчи баштаган деп айыптады. Муну өлкөнүн тышкы иштер министринин орун басары Содик Имоми 19-сентябрдагы брифингде айтып чыкты.



Кыргызстан болсо акыркы жаңжалды ага чейин эле "Тажикстандын алдын ала даярдалган аскердик агрессиясы" деп атады.



Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясындагы сөзүндө муну дагы бир ирет ырастап, эл аралык коомчулукка кайрылды.


Эл аралык баа берилеби?

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 972 чакырым. Анын 300 чакырымдан ашыгы тактала элек. Чек аранын такталбаганынан улам эки өлкө ортосундагы утур-утур жаңжалдар катталып келген. Бирок акыркы 14-17-сентябрдагы жаңжал эң масштабдуусу болуп, ондогон адамдардын өмүрүн алды. Кыргызстандын расмий органдарынын маалыматы боюнча, 59 адам набыт болуп, эки жүзгө жакыны жараат алды. Чек арадагы кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга аргасыз көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты.






Тажик тарап 41 жараны өлгөнүн билдирген. "Озоди" өз булактарына таянып чек арада каза болгон 63 адамдын тизмесин чыгарды.



Соңку жаңжалдан соң Кыргызстанда расмий органдар да, жарандык коом да Тажикстанды "аскердик кол салууга" айыптап, эл аралык коомчулукка кайрылуу демилгесин көтөрүүдө.



Буга чейин эки тараптан 50дөн ашык адамдын өмүрүн алган 2021-жылдын жазындагы чатактан соң кыргызстандык бир нече юрист жана активисттер Гаагадагы эл аралык кылмыш сотуна кайрылуу демилгесин көтөргөн. Ал учурда кыргыз бийлиги бул демилгени колдогон эмес.



Эми бул жылдагы окуядан соң кыргыз активисттери Тажикстанга каршы фактылар боюнча эл аралык укуктук баа берүүнү талап кылышууда. Бул жолу кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү бул демилгени колдорун убада кылып жатышат.


Юрист Сания Токтогазиева бир нече багытта иш жүргүзүү керектигин айтып чыкты:




"Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов маалымат жыйынында экстремисттик-террористтик уюмдардын мүчөлөрү жүрүшү мүмкүн деген маалыматты айтты. Эгер ошол чын болсо, анда бул Тажикстан тарабынан "Терроризмге каршы күрөшүү боюнча" эл аралык конвенцияны бузуу болуп саналат. Бул Кыргызстанга Тажикстанга каршы Улуттар Уюмунун эл аралык сотуна кайрылууга шарт түзөт. Жеке адамдар ага кайрыла албайт, аны толугу менен мамлекеттик бийлик жасашы керек. Экинчиден, Кыргызстандын бийлиги эл аралык фактыларды аныктоочу комиссияга кайрылса болот. Кандай аскердик кылмыштар жасалганы боюнча эл аралык комиссия түзүлөт. Ошондой эле БУУнун Адам укуктары кеңешине да кайрылса болот. Мунун баарын бийлик кайрылып, бийлик жасашы керек".



Сания Токтогазиева кыргыз-тажик чек арасындагы 2021-жылы болгон жаңжалдан жабыркагандардын жана жарандык коомдун атынан Тажикстандын аскер күчтөрүнө карата тергөө жүргүзүү өтүнүчү Эл аралык кылмыш сотуна кайрылганын айтты. Анын маалыматына караганда, кайрылуу кабыл алынып, каралуу алдында турат. Юрист Рим статутунун ратификацияланбаганы буга жолтоо болорун айтып, аны ратификациялоону тездетүүгө чакырды.



Жарандык активисттердин демилгесин Жогорку Кеңештин айрым мүчөлөрү да колдоп, Эл аралык кылмыш сотунун негизги документи болгон “Рим статуту” деген эл аралык келишимди тез арада ратификациялоо маселесин көтөрүштү.


Эл аралык кылмыш сотунун Рим статуту — Эл аралык кылмыш сотун негиздеген эл аралык келишим болуп саналат.


Тажикстандын бийлиги да соңку окуя боюнча өз версиясын эл аралык коомчулукка жеткирүүгө далалаттанып жатат. 20-сентябрда тажик тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш менен жолугуп, анда чек арадагы чатак боюнча өз далилдерин бергенин жарыялады.


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров да 20-cентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясында сөз сүйлөгөндө кыргыз-тажик чек арасындагы соңку окуяларга токтолуп, тажик тарап Кыргызстандын аймагындагы чек ара жана жарандык объектилерге, калктуу конуштарга "чыккынчылык менен кол салганын" айткан. 14-15-16-сентябь күндөрү тажик тарап мурда жетишилген бардык макулдашууларды бузуп, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча чек ара жана жарандык объектилерге ок атканын эске салган.


Андан кийин ал Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту. Анда Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы "негизсиз агрессиянын" фонунда өтүп жатканына өкүнүчүн билдирди.

Читайте на сайте

Другие проекты от 123ru.net








































Другие популярные новости дня сегодня


123ru.net — быстрее, чем Я..., самые свежие и актуальные новости Вашего города — каждый день, каждый час с ежеминутным обновлением! Мгновенная публикация на языке оригинала, без модерации и без купюр в разделе Пользователи сайта 123ru.net.

Как добавить свои новости в наши трансляции? Очень просто. Достаточно отправить заявку на наш электронный адрес mail@29ru.net с указанием адреса Вашей ленты новостей в формате RSS или подать заявку на включение Вашего сайта в наш каталог через форму. После модерации заявки в течении 24 часов Ваша лента новостей начнёт транслироваться в разделе Вашего города. Все новости в нашей ленте новостей отсортированы поминутно по времени публикации, которое указано напротив каждой новости справа также как и прямая ссылка на источник информации. Если у Вас есть интересные фото Вашего города или других населённых пунктов Вашего региона мы также готовы опубликовать их в разделе Вашего города в нашем каталоге региональных сайтов, который на сегодняшний день является самым большим региональным ресурсом, охватывающим все города не только России и Украины, но ещё и Белоруссии и Абхазии. Прислать фото можно здесь. Оперативно разместить свою новость в Вашем городе можно самостоятельно через форму.



Новости 24/7 Все города России




Загрузка...


Топ 10 новостей последнего часа






Персональные новости

123ru.net — ежедневник главных новостей Вашего города и Вашего региона. 123ru.net - новости в деталях, свежий, незамыленный образ событий дня, аналитика минувших событий, прогнозы на будущее и непредвзятый взгляд на настоящее, как всегда, оперативно, честно, без купюр и цензуры каждый час, семь дней в неделю, 24 часа в сутки. Ещё больше местных городских новостей Вашего города — на порталах News-Life.pro и News24.pro. Полная лента региональных новостей на этот час — здесь. Самые свежие и популярные публикации событий в России и в мире сегодня - в ТОП-100 и на сайте Russia24.pro. С 2017 года проект 123ru.net стал мультиязычным и расширил свою аудиторию в мировом пространстве. Теперь нас читает не только русскоязычная аудитория и жители бывшего СССР, но и весь современный мир. 123ru.net - мир новостей без границ и цензуры в режиме реального времени. Каждую минуту - 123 самые горячие новости из городов и регионов. С нами Вы никогда не пропустите главное. А самым главным во все века остаётся "время" - наше и Ваше (у каждого - оно своё). Время - бесценно! Берегите и цените время. Здесь и сейчас — знакомства на 123ru.net. . Разместить свою новость локально в любом городе (и даже, на любом языке мира) можно ежесекундно (совершенно бесплатно) с мгновенной публикацией (без цензуры и модерации) самостоятельно - здесь.



Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net