Германияда кыргызстандыктарды ишке орноштуруу боюнча макулдашууга кол коюлду
Маалыматка караганда, Федералдык агенттиктин делегациясы Билим берүү жана илим министрлигинин, Соода-өнөр жай палатасынын, Кыргыз-немис техникалык институтунун, кыргыз-немис колдонмо информатика институтунун өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрөт.
Буга чейин Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев миграция боюнча меморандумга кол коюларын билдирген. Ал немис өнөктөштөр сентябрда Бишкекке келип, эки тараптуу келишим менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жаатында сүйлөшүү болорун айткан. Ортодо түзүлгөн келишимге ылайык, кыргыз жарандары Германияга барып иштей алышат.
Текебаев кыргыз жаштарын Германиянын Саксония федералдык аймагына барып иштөөгө чакырган видеокайрылуусун Фейсбукка жарыялаган.
Ал технологияны түшүнгөн адистер ал жакка барып иштесе болорун, Германиядан, жалпы эле Европадан билим алып, тажрыйба топтоо кыргызстандыктарга пайда экенин белгилеген.
Расмий эсепте Германияда 10 миңге жакын кыргызстандык жашап, иштейт.
Буга чейин Кыргызстан эки тараптуу келишимдин негизинде Британияга жарандарды ишке жөнөткөн. Ошондой эле Жапония, Корея менен ушундай келишим түзүлгөн. (КЕ)