Такыр окубай калган тогуз жашар бала жеке мектепте билим алмай болду
Буга чейин социалдык тармактарда жашоо-шартына байланыштуу такыр мектепке барбай калган тогуз жаштагы баланын окуясы кызуу талкууланган. Бишкек мэриясы түшүндүрмө таратып, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү, аны асырап жаткан таякесинин паспорту жок экенин билдирген. Мэрия маселени чечүү үчүн тийиштүү органдар иштеп жатканын кабарлаган.
Кыргызстанда 1 миллион 350 миң мектеп окуучусу бар. Мектеп жашындагы балдардын 6% жакыны саламаттыгы менен материалдык абалынын оордугуна байланыштуу окубайт. Алардын көбү - эмгек мигранттарынын балдары. (TSh)