Жети-Өгүздө Үркүндү эскерген жүрүш өтүүдө
Демилгечилер тарыхчылардын изилдөөлөрүнө таянып тараткан маалыматтарга ылайык, 1916-жылы кеч күздө дал ушул Кыргын-Сай деген жерде орус падышачылыгынын жазалоочу аскерлери алардан жашынып кетип бараткан бүтүндөй бир айыл элин мыкаачылык менен өлтүрүшкөн. Айрым маалыматтарда 150, айрымдарында 300-500 адам жок кылынганы айтылат.
Кыргызстанда август айынын биринчи жума күнү Үркүндүн курмандыктарын эскерүү датасы катары аныкталган. Үркүн окуялары Кыргызстанда 7-8-ноябрда да Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүндө эскерилет. 1916-жылы Кыргызстандын эгемендиги үчүн улуттук-боштондук көтөрүлүш кандуу басылган соң орус падышачылыгынын жазалоочу кошуундарынын мыкаачылыгынан Нарын, Чүй жана Ысык-Көлдөгү кыргыздардын көпчүлүгү Кытай тарапка качууга аргасыз болгон.
Айрым тарыхчылардын айтымында, бул кайгылуу окуялардан улам аймактагы кыргыздардын саны дээрлик 40% азайган. Көпчүлүк тарыхчылар бул каргашалуу окуядан улам бери дегенде 120 миң кыргыз набыт болгонун, башка да казак, дунган, уйгур улутундагы далай көтөрүлүшчүлөр өмүрүнөн ажыраганын белгилешет.