Добавить новость
World News in Kyrgyz





160*600

Новости сегодня на DirectAdvert

Новости сегодня от Adwile

Актуальные новости сегодня от ValueImpression.com


Опубликовать свою новость бесплатно - сейчас


Бишкекте экс-чемпион Хабибди ээрчигендер ким?

Мурдагы UFC чемпиону, орусиялык Хабиб Нурмагомедов Бишкекте уюштурган спорттук иш-чаранын тегерегинде талкуу күчөдү. Социалдык медиада аны менен президент Жапаровдун жана Матраимовдун уулдарынын чогуу тушкөн сүрөттөрү жарыяланды. "Кыргыз почтасынын" Хабибдин көзү өткөн атасы Абдулманап Нурмагомедовдун урматына марка чыгарганы окуяны дагы кызытты. 


Eagle Fighting Championship аталган мелдешке сыйлуу конок болуп келген Хабиб Нурмагомедов иш-чараны уюштурууга активдүү кол кабыш кылганы үчүн кыргыз өкмөтүнө ыраазылык билдирди.


"Кыргызстандын өкмөтүнө ыраазылык билдирем, биз бул жерде экинчи жыл катары менен турнир өткөрүп жатабыз. Биринчиси Ысык-Көлдө болгон, азыр Бишкекте өткөрүп жатабыз. Сөзсүз кайтып келип, Бусурманкул менен Расулдун ортосунда реванш өткөрөбүз".


Бул турнирди уюштуруу иштери жана аны өткөрүүдө эмне колдоо көрсөткөнү тууралуу өкмөттөн маалымат алуу мүмкүн болгон жок.


Хабиб менен чогуу келген орусиялык блогер Хасбулла Магомедов (Хасбик деген ат менен таанымал) президент Садыр Жапаровдун "Ала-Арча" резиденциясындагы эс алуу үйүнөн тартылган видеотасма чыгарды. Кыргызстанга жеке иш-чара менен келген спортчу менен блогердин мамлекеттик резиденцияда эс алып жатышы коомчулуктун кескин сынына кабылды. 


"Акчабар" компаниясы турнирди өткөрүүдө EFC клубунун Кыргызстандагы өнөктөшү болгон. Компаниянын башкы директору Нурдин Султамбаевдин айтымында, алар иш-чаранын логистикасын, демөөрчүлөр менен байланышты, жарнама жана спорттук программаны түзүүгө катышкан.




"Биз өнөктөш катары EFC промоушнга бул жакта өткөрүүгө былтыртан баштап жардам берип жатабыз. Өткөрө турган негизги курамда өздөрү келишет. Алар кеңешчи жана негизги уюштуруучу болуп эсептелет. Биз көбүнчө логистикасын, өткөрүү жерин, кандай форматта, коопсуздук жана башка маселелерди чечебиз. Уюштуруу комитети, трансляция жана техникалык маселени алардын техникалык тапшырмасына карата бул жактан даярдап беребиз. Биринчи жолу эл аябай көп келген, күйөрмандары көп. Экинчисинде келгенде да коопсуздугуна аябай көңүл бурганбыз".


Султамбаев орусиялык спортчунун өз командасы менен мамлекеттик резиденцияда жайгашышын алардын коопсуздук маселеси менен түшүндүрдү.


"Кыргыз почтасынын" талаштуу маркасы

10-августта Улуттук тарых музейинин имаратында "Кыргыз почтасынын" жетекчиси Марат Черикчиев Хабиб Нурмагомедовго атасы Абдулманап Нурмагомедовдун урматына чыгарылган почта маркасын тапшыруу жөрөлгөсүн өткөрдү.




"Кыргыз почтасынын" бул чечими коомдо кызуу талкууга айланып, башка өлкөнүн жаранына мынчалык сый-урмат көрсөтүүнүн канчалык орундуу экени тууралуу суроо чыкты.


Журналист Эркин Рыскулбеков таланттуу телерадио алып баруучу, маркум Салтанат Саматованын элесин түбөлүккө калтыруу үчүн ал жашаган үйгө такта орнотуу демилгеси менен шаар башчылыгына кайрылган. Бирок ага уруксат берилген эмес.




"Мен мындан төрт жыл мурун мэрияга, шаар кеңештин төрагасы Жаныбек Абировго кайрылгам. Ал киши дагы жардам берем деп, кайра кечинде чалып, "Эркин, өкмөттүн "инсандын эстелигин түбөлүккө калтыруу каза болгондон 5 жыл өткөндөн кийин гана уруксат берилет" деген токтому бар экен. Ошон үчүн Турдакун Усубалиевдин эстелиги коюла элек экен" деп айтты эле. Мейли беш жыл күтөлү дедим. Уруксат алып, өзүмдүн каражатыман эле төлөп, үйүнө такта илип коёюн дегем. Кечээ марканы угуп "мыйзам ар кандай турбайбы" деп ойлоп калдым".


"Кыргыз почтасы" акционердик коомунун жетекчилиги марка маселесине байланышкан суроону "Кыргыз маркасы" ишканасына багыштады. Ишкананын атын атагысы келбеген кызматкери Хабиб Нурмагомедовдун атасына арналган маркага "суроо-талап көп болуп жатканын" билдирип, маркалардын тематикасын Санариптик өнүктүрүү министрлиги алдын-ала бекитерин белгиледи.


"Почта маркасы 65 сомдук номинал менен 6000 даана чыгарылган. Бүгүн эле "Кыргыз маркасына" бул марканы ири көлөмдө сатып алууга буйрутма туштү. Бул Абдулманап Нурмагомедовго арналган чыгарылышка суроо-талаптын өтө жогору жана пайдалуу экенин билдирет. "Кыргыз маркасынын" өзүн-өзү каржылаган уюм экенин эске алганда бул абдан чоң мааниге ээ".




Ал эми Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалымат катчысы Эльзат Кыдырмышеванын маалыматына ылайык, Нурмагомедовдун элесине арналган почта маркасын чыгаруу мурда планда болгон эмес. Бул чечим "Кыргыз маркасынын" демилгеси менен резервдик каражаттын эсебинен чыгарылган.


"Бүгүнкү күңдө бүткүл дүйнө жүзүндөгү филателисттер эл аралык интернет ресурстар аркылуу ата мекендик почта маркаларын сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ экендигине байланыштуу, ата мекендик почта маркаларына суроо-талапты жана дүйнө жүзү боюнча таанылышын жогорулатуу максатында Абдуманап Нурмагомедовдун элесине арналган почта маркасын 2022-жылдын резервинин эсебинен чгаруу "Кыргыз маркасы" тарабынан демилгеленген. Белгилей кетсек, тематикалык почта маркаларынын эскиздерин чыгарууга жыл сайын бир канча маркага атайын резерв бар. Бул ошол резервдин эсебинен чыгарылган".


Таасирдүү аталардын таанымал уулдары

Эрежесиз мушташтын экс-чемпиону командасы менен бул жолу да президенттин уулу Рустам Жапаров менен жолугуп, оюн-зоокто бирге жүргөнүн көрсөткөн сүрөттөр социалдык медиага жарыяланды.


Сүрөттөн иликтөөчү журналисттер буга чейин кыргыз бажысында тамырлашкан коррупциялык система түзгөнүн мойнуна алып, мамлекеттик казынага 2 млрд. сом төккөн Раимбек Матраимовдун уулун да таанышкан.




Иликтөөчү журналист Тыныстан Асыпбек уулу сүрөттөрдү фактчекинг ыкмасы менен текшергенде дагы бир кызыктуу факт табылганын, ал бир нече булактардан тастыкталганын билдирди.




«Хабиб Нурмагомедов менен чогуу түшкөн балдардын бири (отуруп түшкөн) кримтөбөл Камчыбек Көлбаевдин уулу экени бир нече сүрөт жана видеотасмаларды салыштыруу аркылуу аныкталды. Камчы Көлбаевдин 3 кызы жана 1 уулу менен түшкөн сүрөтүн таптык. Дагы бир сүрөттө Камчы Көлбаев үй-бүлөсү менен чогуу апасын куттуктап жатат. Ал жакта да үч кызы менен уулу бар. Хабиб менен жолугушуу «Фрунзе» деген ресторанда болгон экен. Ошол жакта дагы К.Көлбаевдин баласы жүрөт. Жалпы түшкөн сүрөттө отурган ак футболкачан бала ошонун уулу. Ал эми сүрөттө туруп турган көз айнекчен бала Раимбек Матраимовдун Бакай деген тун уулу экени да тастыкталды».


Ал эми Media Hub иликтөө тобунун журналисттери Нурмагомедов менен чогуу жүргөн казак блогери Арман Тугаев жана блогер Хасбулла Магомедов жарыялаган сүрөт-видеолорун талдап отуруп дагы бир катар кызыктуу фактыларды таап чыгышкан. 


"Нурмагомедовду коштогон кортеж Кыргызстандын президентинин мамлекеттик резиденциясынан кетип баратканын көрүүгө болот. Конокторду мамлекеттик резиденцияга жайгаштырганы боюнча далилдерди бизге Арман Тугаев менен Хасбулла Магомедов (Хасбик) берет. Хасбик балкондон тартылган видеотасманы көрсөтүп жатат. Анда биз резиденциядагы чоң өргөөнү көрөбүз. Тугаев болсо резиденциянын ичинде сейилдеп жүрөт. Коноктор Ысык-Көлдө эс алганга да үлгүрүшкөн. Нурмагомедов өз аккаунтунда теплоходдо сейилдеп жүргөнүн көрсөткөн. Бул жерде сөз президенттин аппаратынын карамагындагы "Ак-Кеме" теплоходу жөнүндө болуп жатат. Биз кемени ижарага берген агенттик менен байланышсак, кызматкери «бул президенттик теплоход жана ижарага берилбейт» деп айтты. Тагыраагы, карапайым адам бул кемеге түшө албайт. Хасбиктин видеотасмасы боюнча караганда алар президенттин Чолпон-Атадагы резиденциясында эс алганы анык болду. Видеотасмадан биз конокторду тосуп алгандыгын да көрө алдык. Мурунку бажычы, коррупция боюнча журналисттик иликтөөлөрдүн каарманы Раим Матраимовдун улуу баласы Бакай. Турнирдеги видеотасмада Рустам Жапаровду көрдүк".




Иликтөөчүлөр Бишкектеги эрежесиз уруш турнирин жеке уюмдар өткөрүп, бирок конокторду мамлекеттик резиденциясында жайгаштырышканын, мамлекеттик кемеде шапар тебишкенин жана президент Садыр Жапаров менен Райымбек Матраимовдун уулдары аларды бирге тосуп жүрүшкөнүн белгилешкен.


Саясат талдоочу Эмил Жураев кыргыз коомундагы баалуулуктар өзгөрүп, бийлик башындагылардын туугандарынын жүрүм-туруму менен иш-аракеттери мурдагылардын катасын кайталабашы керек деп эсептейт.




"Мени өзгөчө кейиткени Дагестандын ушул Хабиб деген бир мушкери Кыргызстанда буга чейин өзүбүздүн спортчулар жетпеген жылдызга айланды. Ошол жылдыздын тегерегинде президенттин баласы же дагы башка аттуу-баштуу, эң кадырлуу дегендердин жакындары айланчыктап, сүрөткө түшүп, ал элге кеңири тарап, Ак үйдүн же президенттик резиденциянын тегерегинде жүргөндүгү. Бул эң эле кеминде Кыргызстандын бийлигинин репутациясына, аброюна көлөкө түшүрүп коюшу мүмкүн. Бизде мушташып жүрүп чоңойгон жигиттер эмес, илим, маданият жаатында чыныгы баалуулуктарга жетелеген кишилер ушундай сыйга ээ болушун каалар элем. Албетте, бул жерде бир чети президент жана анын баласы, алардын мамилеси дейбиз. Аталар балдарын өз убагында токтотуп, мурдагы президенттердин үй-бүлөлөрүнүн тегерегиндеги көрүнүштөргө окшошуп кетпеши керектигин түшүнөт го деген үмүт бар".




Былтыр Чолпон-Атада өткөн турнирде да президенттин уулу Рустам Жапаров менен Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев Хабибди дүр-дүйүм тамакка толгон дасторкондо коноктоп жаткан тасмасы тараган эле.


Чолпон-Ата шаарындагы эрежесиз мушташ турнирин мамлекеттик КТРК-спорт телеканалы түз көрсөткөн.


Таймашта уткан орусиялык кикбоксер Алексей Федосеев машыктыруучусуна, атаандашына ыраазычылык билдирип жатып атын атабастан "Урматтуу бир адамды туулган күнү менен куттуктайм" деп, ал кимге арналганын көпчүлүк билерин кошумчалаган.



Социалдык тармактарда 3-август кримтөбөл Камчы Көлбаевдин туулган күнү экенин белгилешип, спорттук иш-чара анын жеке майрамынын урматына уюштурулганын жазышкан.


Загрузка...

Читайте на сайте

Другие проекты от 123ru.net








































Другие популярные новости дня сегодня


123ru.net — быстрее, чем Я..., самые свежие и актуальные новости Вашего города — каждый день, каждый час с ежеминутным обновлением! Мгновенная публикация на языке оригинала, без модерации и без купюр в разделе Пользователи сайта 123ru.net.

Как добавить свои новости в наши трансляции? Очень просто. Достаточно отправить заявку на наш электронный адрес mail@29ru.net с указанием адреса Вашей ленты новостей в формате RSS или подать заявку на включение Вашего сайта в наш каталог через форму. После модерации заявки в течении 24 часов Ваша лента новостей начнёт транслироваться в разделе Вашего города. Все новости в нашей ленте новостей отсортированы поминутно по времени публикации, которое указано напротив каждой новости справа также как и прямая ссылка на источник информации. Если у Вас есть интересные фото Вашего города или других населённых пунктов Вашего региона мы также готовы опубликовать их в разделе Вашего города в нашем каталоге региональных сайтов, который на сегодняшний день является самым большим региональным ресурсом, охватывающим все города не только России и Украины, но ещё и Белоруссии и Абхазии. Прислать фото можно здесь. Оперативно разместить свою новость в Вашем городе можно самостоятельно через форму.



Новости 24/7 Все города России




Загрузка...


Топ 10 новостей последнего часа






Персональные новости

123ru.net — ежедневник главных новостей Вашего города и Вашего региона. 123ru.net - новости в деталях, свежий, незамыленный образ событий дня, аналитика минувших событий, прогнозы на будущее и непредвзятый взгляд на настоящее, как всегда, оперативно, честно, без купюр и цензуры каждый час, семь дней в неделю, 24 часа в сутки. Ещё больше местных городских новостей Вашего города — на порталах News-Life.pro и News24.pro. Полная лента региональных новостей на этот час — здесь. Самые свежие и популярные публикации событий в России и в мире сегодня - в ТОП-100 и на сайте Russia24.pro. С 2017 года проект 123ru.net стал мультиязычным и расширил свою аудиторию в мировом пространстве. Теперь нас читает не только русскоязычная аудитория и жители бывшего СССР, но и весь современный мир. 123ru.net - мир новостей без границ и цензуры в режиме реального времени. Каждую минуту - 123 самые горячие новости из городов и регионов. С нами Вы никогда не пропустите главное. А самым главным во все века остаётся "время" - наше и Ваше (у каждого - оно своё). Время - бесценно! Берегите и цените время. Здесь и сейчас — знакомства на 123ru.net. . Разместить свою новость локально в любом городе (и даже, на любом языке мира) можно ежесекундно (совершенно бесплатно) с мгновенной публикацией (без цензуры и модерации) самостоятельно - здесь.



Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net