Черногориядагы кол салууда 10 адам мерт болду
Жергиликтүү маалымат каражаттары жазгандай, 34 жаштагы тургун алгач 8, 11 жаштагы балдарын жана жубайын өлтүрүп, андан соң көчөгө чыгып, башка адамдарга ок аткан.
Полициянын маалыматы боюнча, кылмышка шектүү кармоо учурунда өлтүрүлдү. Учурда кылмыштын чоо-жайы тергелүүдө.
Окуя болгон Цетине шаары өлкөнүн түштүк-чыгышында жайгашкан. Калаада 18 миңдей киши жашайт. Черногориянын премьер-министри Дритан Абазович болуп өткөн окуяны эң коркунучтуу трагедия деп атады. Өлкөдө үч күндүк аза күтүү жарыяланды.