Медициналык багыттагы чет өлкөлүк студенттердин окуу акысынын төмөнкү чеги белгиленди
Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулунун «Азаттыкка» билдиришинче, мындай чара медициналык багыттагы билим берүүнүн сапатын жакшыртуу жана ыраатка салуу максатын көздөйт.
"Бул талап алыскы чет өлкөнүн жарандарына тиешелүү болот. Токтомго өзгөртүүнүн максаты чет өлкөлүк жарандарды алып келип өлкөнү, билим берүүнүн сапатын уят кылбай, сапаттуу билим берүүнү уюштурууну көздөйт. Билим берүүнүн акысы көтөрүлгөн соң ага коюлган талаптар жогорулайт" . - деди Абазбек уулу.
Министрдин орун басары кошумчалагандай, буга чейин өлкөдө айрым жеке окуу жайлар чет өлкөлүктөр үчүн окуу акысын арзан кылып, бирок сапаттуу билим берүүнүн уюштура албаган учурлар болгон.
Өкмөттүн маалыматы боюнча, Кырызстанда медициналык жаатта жогорку билим берген 23 окуу жай бар. 2021-22 окуу жылында медициналык багытта 39 851 студент билим алса, анын 24 миңден ашуунун чет өлкөлүк түзгөн. Кыргызстанда медициналык билим алган билим алгандардын басымдуу бөлүгү - Пакистан, Индия сыяктуу өлкөлөрдүн жарандары. (BkA)