Салык чек: лотереянын эки байгеси жокко чыгарылды
Алардын бири ишкананын бухгалтери болуп иштегени, ал мекеменин ККМ чектерин сканерлеп 3 билети тең байгелүү болуп чыкканы аныкталган. Анын эки утушу жокко чыгарылды. Ал эми экинчи жаран мөөнөтү өтүп кеткен документ менен катталган. Салык кызматы жарандарды лотерея мыйзамдарын бузбоого чакырат.
Салык кызматы "Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясынын биринчи жеңүүчүлөрүн 1-июлда аныктаган. Анда эки автоунаа жана телефон сыяктуу үй буюмдары ойнотулган.
Министрлер кабинети көзөмөл-кассалык аппараттарды (ККМ) колдонууну жайылтуу максатында 10-майдан тартып кассалык чектер менен лотерея ойнотуларын, баалуу сыйлыктар берилерин жарыялап келет. Кыргызстанда бир катар соодагерлер ККМнын киргизилишине каршы чыгууда. (TSh)