Эң жогорку балл алган бүтүрүүчүлөргө “Алтын сертификат” тапшырылды
“Кыргызстандын келечеги билимдүү жаштардын колунда деп баса белгилеп, билим берүү системасына комплекстүү чара көрүүнү колго алып келебиз. Билим берүү тармагындагы инвестициялар экономикалык адилеттүүлүктү өнүктүрүүдөн, жакырчылыкты кыскартуудан, толук кандуу заманбап саясий системаны иштеп чыгуу үчүн зарыл болгон интеллегенцияны калыптандырууга чейинки ар кандай социалдык таасирлерди камтыйт”, - деди президент.
Кыргызстанда быйыл Жалпы республикалык тестирлөөдө 57 окуучу эң жогорку упай топтоп, "Алтын сертификат" алуу укугуна ээ болду.
Алардын 35и Бишкек шаарынан, калганы жети облустан келген окуучулар. Жыл сайын 40 миңден ашуун бүтүрүүчү жалпы республикалык тестирлөөгө катышат. Анын жыйынтыгына жараша аларда жогорку окуу жайларга бюджеттик окууга кирүү мүмкүнчүлүгү болот. (TSh)