COVID-19 Кыргызстанда 39 адамдан табылды
Бул тууралуу Санэпидкөзөмөл жана оорулардын алдын алуу борбору маалымдады. Ага ылайык 27 адам оорунун белгилерине даттанып, дарыгерге кайрылган. Эки адам чет жактан келген. 10 киши чет өлкөгө кетүү үчүн ПЦР тест тапшырган учурда аныкталган.
Ушул тапта 34 адам үйүндө, беш бейтап ооруканада дарыланууда.
Санэпидкөзөмөл жана оорулардын алдын алуу борбору азырынча бардык облустар жашыл аймакта экендигин, бирок илдеттин жугушу күн санап өсүп жатканын маалымдоодо.
12-июлга карата 29 адамдан, 11-июлда 14 адамдан COVID-19 вирусу аныкталган.
Пандемия башталгандан тарта Кыргызстанда коронавирус илдети менен ооругандардын саны 201 282 адамга жетти. Илдеттин кесепетинен 3 миңге чукул киши каза болду.(ZKo)