“Мегакомдун” мурдагы жетекчиси Жамангулов үй камагына чыкты
Жамангулов 12-мартта Башкы прокуратурага суракка чакырылып, ошол эле күнү кармалган. 14-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту Жамангуловдун бөгөт чарасын карап, №1 тергөө абагына эки айга камакка алуу чечимин чыгарды. Шектүүнүн жактоочусу Канат Хасанов “Азаттыкка” ал Түштүк Кореянын эки жаранынын ортосундагы каржылык маселеге байланыштуу шек саналып жатканын айткан. Хасанов Жамангуловдун бул иште эч кандай күнөөсү жок деп билдирген.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, 33 жаштагы Акылбек Жамангулов 2018-жылдын октябрь айында "Мегаком" бренди менен белгилүү "Альфа Телеком" ишканасына жетекчи болуп дайындалган. Бийлик алмашкан Октябрь окуяларынан кийин 2021-жылы 16-мартта аталган компаниянын башкы директорлук кызматынан өз каалоосу менен кеткен. (КЕ)