“Талибан” Ооганстанда кармалып турган британиялык беш жаранды бошотту
Трасстын кеңсесинин билдирүүсүндө беш киши “Улуу Британиянын Ооганстандагы өкүлчүлүктөрүндө иштебегени, алар бул өлкөгө өз алдынча гана барышканы” белгиленди.
Британ өкмөтү жарандар тууралуу мындан башка маалымат тараткан жок. Мурдараак тараган кабарларда, Ооганстанда кармалгандардын арасында британиялык телеоператор Питер Жувеналь бар экени айтылган.
Ооганстандын өкмөтүнүн расмий өкүлү Забихулла Мужахид Твиттерде британиялыктар “Ооган элинин салт-санаасына жана мыйзамдарына каршы аракеттерди жасаганын” жазды. Ал кандай эреже бузуулар экени такталган жок.
Ооганстандын көпчүлүк аймагын каратып алгандан кийин “Талибан” кыймылы (Кыргызстанда тыюу салынган) 2021-жылдын 15-августунда Кабулду басып алган. Мурдагы бийлик борборду кармашуусуз таштап чыгып кеткен. Президент Ашраф Гани өлкөдөн качып кеткен, учурда бийлик талибдердин колунда. (ErN)