Америкалык ыктыярчылар тил үйрөтүү үчүн Кыргызстанга келишти
АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен кабарлашкандай, ыктыярчылар Нарын, Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы мектептерде жергиликтүү окуучуларга англис тилин үйрөтүшмөкчү.
Тынчтык корпусу Кыргызстанда 25 жылдан бери иш алып барат. Андан бери мекеме чет элдик 1250 ыктыярчыны өлкөгө алып келип, балдарды англис тилин окутууга салым кошкон. “Англисчени чет элдик тил катары окутуу” (TEFL) программасы Билим берүү жана илим министрлиги менен чогуу жүргүзүлөт. (BkA)