Назарбаев Москвада Путин менен жолукту
Маалыматка караганда, Казакстандын туңгуч президенти жана Путин эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу бири-бирине куттуктоо сөздөрүн айтышты.
Акордонун сайтында ал маалда Казакстандын Москваны Орусия күнү менен куттуктоосу тууралуу маалымат чыга элек болчу.
Назарбаевдин Путин менен кездешүүсү бир катар эксперттердин экс-президенттин башкаруу чөйрөсүндөгү таасири азайып баратат деген пикирлеринин фонунда өттү.
Өткөн жумада күчүнө кирген түзөтүүлөргө ылайык, туңгуч президент тууралуу сөздөр Казакстандын конституциясынан алынган.
Үстүбүздөгү жумада казак президенти Касым-Жомарт Токаевдин Орусияга сапары күтүлүүдө. Акорданын маалыматына ылайык, 17-июнда Путиндин чакыруусу менен ал Санкт-Петербургдагы эл аралык экономикалык форумга катышмакчы.