Омор Султановдун адабиятка калтырган асыл кенчи
Кыргыз Эл акыны, Омор Султанов интеллектуалдык деңгээли бийик, чабыты кенен, поэзиянын туу чокусуна чыккан классик акын катары таанымал. Лириканын паашасы атыккан акын Омор Султанов эки ай мурда, быйыл 4-апрелде 87 жаш курагында акыркы сапарга узаган.