Добавить новость
World News in Kyrgyz





160*600

Новости сегодня на DirectAdvert

Новости сегодня от Adwile

Актуальные новости сегодня от ValueImpression.com


Опубликовать свою новость бесплатно - сейчас


Чечмедеги кырсык: "Айдоочу кыйкырган бойдон келиптир"

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Чечме айылындагы жол кырсыгынан каза болгондордун сөөгү жерге берилди. Өзбекстан менен чек арадагы “Чечме” өткөрмө бекетинде имаратты жана токтоп турган машинелерди сүзүп кеткен оор жүк ташуучу автоунаа Өзгөчө кырдаалдар министрлигине таандык болгон.


ИИМ кылмыш ишин козгоду

“Кылмыш жаза кодексинин 312-беренесинин 3-бөлүгү (“Этиятсыздыктан өзгөчө оор залал келтирген автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу”) менен кылмыш иши козголуп, азыркы күндө тергөө иштери уланууда. Ал эми жараат алгандарга соттук медициналык, жабыркаган унааларга соттук-автотехникалык экспертизалар дайындалып, келтирилген материалдык зыяндардын өлчөмү аныкталып, такталууда”-деп билдирди Баткен милициясы.


Облустук милициясынын тергөө кызматынын начальниги Нургазы Эркебаев ыкчам тергөө тобу түзүлүп, кырсык иликтенип жатканын ырастады.


“Кырсык боюнча ыкчам тергөө тобу түзүлүп, ал жерге барган. Учурда кырсыктын келип чыгыш себебин аныктоо боюнча териштирүү иши жүрүп жатат”.


Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев кырсык болгон Чечме айылына 21-майдын кечинде барганын мекеменин басма сөз кызматы кабарлаган.


“Көргөн күбөлөрдүн айтымында, автоунаадагы айдоочу кыйкырган бойдон келиптир, колдорун шилтеп, элдерди качкыла деп кыйкырыптыр. Тормозду басып, рулду ары-бери булкуса дагы ошол боюнча күү менен келип 16 машинаны талкалап кетип жатат. Сегиз адам көз жумду”, - деди Ажикеев.


Министрлик кырсык боюнча 23-майда кеңири маалымат жыйын өткөрөрүн билдирген. Бирок азырынча бул боюнча так маалымат жок.


Чечме айылынын тургуну Ислам оор жүк ташуучу автоунааны башкарып келе жаткандар биринчи жолу өтүп жаткандыктан жолун ылдыйыш экенин билбей, катуу айдап алышы мүмкүн дейт.


“Өткөрүү пункту ылдыйышта жайгашкан. Негизи автоунаа катуу келген. Биринчи жолу келишкен окшойт. Түз эле келе берген дагы тормозу иштебей калып, сүзүп өтүп кеткен. Өтө катуу кырсык болуптур. Биздин айылдан бир киши каза болуп, жерге бердик”.


Улуттук коопсуздук комитеттин (УКМК) Чек ара кызматынын басма сөз кызматы кырсыктан өткөрүү пунктунун тосмолору жабыркаганын, чек арачылардан жаарат алгандар жок экенин билдирди.


Саламаттык сактоо министрлигинин Баткен облусу боюнча координатору Арзыбек Бөрүбеков жараат алган беш бейтап учурда Айдаркендеги ооруканада жатканын айтты.


"Ооруканада жаткандар өтө оор жараат алышкан эмес. Баш-мээси чайкалып, бир жери сыйрылып, көгөргөн, катуу тийген учурлар. Абалдары орточо оор, тийиштүү дарыларды алып жатышат. Дарыланып жаткандардын экөө жаш балдар, алардын дагы мээси чайкалган".


Кырсык болгон Чечме өткөрүү бекети Баткен облусунун Кадамжай районунда, Өзбекстандын Сох анклавынын чегинде жайгашкан.


Чек ара бекетиндеги үрөй учурган кырсык

21-майда Кыргызстан менен Өзбекстан чектешкен бекетте сегиз кишинин өмүрүн алган жол кырсыгына кабылган автоунаа ("Хово" үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа) Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу экени белгилүү болду.


“Бул автоунаада Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери табигый кырсыктарды жоюу үчүн сел өтүүчү каналдарды тазалоо жана габион торчолорду орнотууга бараткан. Акыркы күндөрү катуу жааган жаандан Баткен облусунун Кадамжай районунун Бөжөй айылында сегиз үйдү сел каптап, селдин кесепеттерин жоюуга Ош шаарынан чыгышкан. Жол кырсыгынын кесепетинен сегиз адам, анын ичинен министрликтин эки кызматкери каза болуп, жети адам жаракат алган”,-деп айтылат аталган мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.






Социалдык тармактарда кырсык болгон жерден видео, сүрөттөр тарады. Анда бир нече машина жараксыз абалга келгенин көрүүгө болот.


Кырсык болгон жерде ӨКМдин Кадамжай райондук бөлүмүнөн 18 куткаруучусу иш алып барды. Ошондой эле Баткен облустук жана Кадамжай райондук милициясынын ыкчам тобу ири кырсык катталган жерге барып, каза болгон адамдардын тек-жайын тактоого киришкен. Бирок алар тууралуу дагы так маалыматтар бериле элек.




Жол кырсыгы: үч айда 110 адамдын өмүрү кыйылды

Жол кырсыктары Кыргызстандагы эң курч көйгөйлөрдүн бири бойдон калууда. Мындан эки күн мурун, 19-майда эле Кочкордо үрөй учурган жол кырсыгы катталып, төрт адам набыт болгон. Анда “КамАЗ” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу машина менен Audi 100 үлгүсүндөгү жеңил машина сүзүшүп, 72, 23,13 жана беш жаштагы жүргүнчүлөр мерт кетип, экөө жараат алган .


ИИМ тараткан маалыматка таянсак, быйыл алгачкы үч ай ичинде Кыргызстанда 1366 жол кырсыгы катталган, андан 110 адамдын өмүрү кыйылып, 2079 адам жараат алды.


Кыргызстанда 2021-жылы жети миңге жакын жол кырсыгы катталып, 2020-жылга салыштырмалуу 22% көбөйгөн. Былтыр 780 киши каза болуп, 10 миңден ашыгы ар кандай жараат алган.


Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы кырсыктардын 95% айдоочулардын эреже сактабаганынан улам келип чыкканын билдирет.


Иликтөөлөр өлкөдө жол кырсыгынан күн сайын кеминде үч киши каза болорун көрсөткөн. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) эсебинде, жыл сайын дүйнө жүзүндө жол кырсыктарынан 1 млн. 350 миң кишинин өмүрү кыйылат.




 


Загрузка...

Читайте на сайте

Другие проекты от 123ru.net








































Другие популярные новости дня сегодня


123ru.net — быстрее, чем Я..., самые свежие и актуальные новости Вашего города — каждый день, каждый час с ежеминутным обновлением! Мгновенная публикация на языке оригинала, без модерации и без купюр в разделе Пользователи сайта 123ru.net.

Как добавить свои новости в наши трансляции? Очень просто. Достаточно отправить заявку на наш электронный адрес mail@29ru.net с указанием адреса Вашей ленты новостей в формате RSS или подать заявку на включение Вашего сайта в наш каталог через форму. После модерации заявки в течении 24 часов Ваша лента новостей начнёт транслироваться в разделе Вашего города. Все новости в нашей ленте новостей отсортированы поминутно по времени публикации, которое указано напротив каждой новости справа также как и прямая ссылка на источник информации. Если у Вас есть интересные фото Вашего города или других населённых пунктов Вашего региона мы также готовы опубликовать их в разделе Вашего города в нашем каталоге региональных сайтов, который на сегодняшний день является самым большим региональным ресурсом, охватывающим все города не только России и Украины, но ещё и Белоруссии и Абхазии. Прислать фото можно здесь. Оперативно разместить свою новость в Вашем городе можно самостоятельно через форму.



Новости 24/7 Все города России




Загрузка...


Топ 10 новостей последнего часа






Персональные новости

123ru.net — ежедневник главных новостей Вашего города и Вашего региона. 123ru.net - новости в деталях, свежий, незамыленный образ событий дня, аналитика минувших событий, прогнозы на будущее и непредвзятый взгляд на настоящее, как всегда, оперативно, честно, без купюр и цензуры каждый час, семь дней в неделю, 24 часа в сутки. Ещё больше местных городских новостей Вашего города — на порталах News-Life.pro и News24.pro. Полная лента региональных новостей на этот час — здесь. Самые свежие и популярные публикации событий в России и в мире сегодня - в ТОП-100 и на сайте Russia24.pro. С 2017 года проект 123ru.net стал мультиязычным и расширил свою аудиторию в мировом пространстве. Теперь нас читает не только русскоязычная аудитория и жители бывшего СССР, но и весь современный мир. 123ru.net - мир новостей без границ и цензуры в режиме реального времени. Каждую минуту - 123 самые горячие новости из городов и регионов. С нами Вы никогда не пропустите главное. А самым главным во все века остаётся "время" - наше и Ваше (у каждого - оно своё). Время - бесценно! Берегите и цените время. Здесь и сейчас — знакомства на 123ru.net. . Разместить свою новость локально в любом городе (и даже, на любом языке мира) можно ежесекундно (совершенно бесплатно) с мгновенной публикацией (без цензуры и модерации) самостоятельно - здесь.



Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net