Чек ара бекетиндеги жол кырсыгы сегиз кишинин өмүрүн алды
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Баткендин Кыргызстан менен Өзбекстан чектешкен жеринде болгон жол кырсыгынан сегиз киши набыт болуп, жети киши жабыркаганын ырастады. Каза тапкандардын бири Өзбекстандын жараны.
Кырсыкка кабылган автоунаа ("Хово" үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа) Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу болгон.
“Бул автоунаада Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери табигый кырсыктарды жоюу үчүн сел өтүүчү каналдарды тазалоо жана габион торчолорду орнотууга бараткан. Акыркы күндөрү катуу жааган жаандан Баткен облусунун Кадамжай районунун Бөжөй айылында сегиз үйдү сел каптап, селдин кесепеттерин жоюуга Ош шаарынан чыгышкан. Жол кырсыгынын кесепетинен сегиз адам, анын ичинен министрликтин эки кызматкери каза болуп, жети адам жаракат алган”,-деп айтылат аталган мекменин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.
Алдын ала берилген маалыматка караганда, оор жүк ташуучу автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай, өткөрмө бекеттеги имаратты жана токтоп турган машинелерди сүзүп өткөн.
Буга чейин Саламаттык сактоо министрлигинин Баткен облусу боюнча координатору Арзыбек Бөрүбеков беш киши кырсык болгон жерде, экөө Айдаркендеги ооруканага алып бараткан учурда үзүлгөнүн билдирген. Экөө медициналык жардам көрсөтүлгөн соң, үйлөрүнө жөнөтүлдү деген ал. Ошондой эле жаракат алгандар саны 14 деп тактаган.
Анын айтымында, ар кандай жараат алган беш киши Айдаркендеги оорукананын хирургия бөлүмүнө жаткырылды. Алардын экөө балдар. Жабыркагандардын бирөөнүн абалы оор, калган төрт кишинин абалы орточо оор деп бааланууда.
21-майда саат 16:00 чамасында Кадамжайдагы Айдаркен шаарчасынын Чечме айылында ири жол кырсыгы катталды. Расмий маалыматта аталган айылдын Өзбекстан менен чектеш жердеги “Чечме” өткөрүү постунда "Хово" үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа (трал) жол кырсыгына кабылган.
Социалдык тармактарга кырсык болгон жерден видео, сүрөттөр тарады. Анда бир нече машина жараксыз абалга келгенин көрүүгө болот.
Кырсык болгон жерде ӨКМдин Кадамжай райондук бөлүмүнөн 18 куткаруучусу иштеп жатат. Министрликтин басма сөз кызматы кийинчерээк кошумча маалымат берилерин билдирди.
Баткен облустук жана Кадамжай райондук милициясынын ыкчам тобу ири кырсык катталган жерге барып, каза болгон адамдардын тек-жайын тактоодо. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлады.
Жол кырсыктары Кыргызстандагы эң курч көйгөйлөрдүн бири бойдон калууда. Мындан эки күн мурун, 19-майда эле Кочкордо үрөй учурган жол кырсыгы катталып, төрт адам набыт болгон. Анда “КамАЗ” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу машина менен Audi 100 үлгүсүндөгү жеңил машина сүзүшүп, 72, 23,13 жана беш жаштагы жүргүнчүлөр мерт кетип, экөө жараат алган .
ИИМ тараткан маалыматка таянсак, быйыл алгачкы үч ай ичинде Кыргызстанда 1366 жол кырсыгы катталган, андан 110 адамдын өмүрү кыйылып, 2079 адам жараат алды.
Кыргызстанда 2021-жылы жети миңге жакын жол кырсыгы катталып, 2020-жылга салыштырмалуу 22% көбөйгөн. Былтыр 780 киши каза болуп, 10 миңден ашыгы ар кандай жараат алган.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы кырсыктардын 95% айдоочулардын эреже сактабаганынан улам келип чыкканын билдирет.
Иликтөөлөр өлкөдө жол кырсыгынан күн сайын кеминде үч киши каза болорун көрсөткөн. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) эсебинде, жыл сайын дүйнө жүзүндө жол кырсыктарынан 1 млн. 350 миң кишинин өмүрү кыйылат.