Кадамжайдагы кырсыктан сегиз киши каза болгону айтылды
Ар кандай жараат алган беш киши Айдаркендеги оорукананын хирургия бөлүмүнө жаткырылды. Алардын экөө балдар. Жабыркагандардын бирөөнүн абалы оор, калган төрт кишинин абалы орточо оор деп бааланууда.
Бүгүн, 21-майда саат 16:00 чамасында Кадамжайдагы Айдаркен шаарчасынын Чечме айылында ири жол кырсыгы катталганын Өзгөчө кыдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлаган. Алдын ала берилген маалыматка караганда, аталган айылдын Өзбекстан менен чек арадагы жердеги “Чечме” өткөрүү постунда оор жүк ташуучу автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай, өткөрүү постундагы имарат менен токтоп турган машинелерди сүзүп өткөн.
Социалдык тармактарга кырсык болгон жерден видео, сүрөттөр тарады. Анда бир нече машина жараксыз абалга келгенин көрүүгө болот.
Кырсык болгон жерде ӨКМдин Кадамжай райондук бөлүмүнөн 18 куткаруучусу иштеп жатат. Министрликтин басма сөз кызматы кийинчерээк кошумча маалымат берилерин билдирди.
Кадамжай райондук милициясынын ыкчам тобу ири кырсык катталган жерге барып, каза болгон адамдардын тек-жайын тактоодо. (КЕ)