Чымкентте төрөт үйүнүн жанындагы жарылуудан бир киши каза болду
"Өрт өчүрүлдү. Имарттын бир бөлүгү, 130 чарчы метри ураган. Беш кабаттуу турак жайдын жанында жайгашкан батирдин балкону жана терезелери да жабыркаган", - деп айтылат департамент тараткан билдирүүдө. Мындан сырткары жети жеңил автоунаа жабыркаганы айтылды.
Социалдык тармактарга тараган кадрлардан куткаруучулар урандыны тазалап жатканын көрүүгө болот. Күбөлөр катуу жарылууну угушканын, андан соң түтүн чыкканын айтышкан.
Өзгөчө кырдаалдар департаменти жарылуунун себептери такталып жатканын билдирди. (КЕ)