Чүйдө эки ымыркайдын сөөгү табылды
Аталган факт Чүй облусунун Аламүдүн райондук милициясына катталып, учурда иш Бишкектин Свердлов райондук милициясына өткөрүлүп берилген. Иликтөө иштери жүрүп жатат.
Кыргызстанда акыркы жылдары канча бала ташталганы беймаалым. Саламаттык сактоо министрлиги 2016-жылы "бэйби бокс" же балдарды таштоо кутуларын ачуу демилгесин көтөрүп чыкканы менен сунуш ишке ашкан эмес.