ТИМ: Орусияда соттолуп жаткан кыргызстандык келинге укуктук жардам көрсөтүлүүдө
Келинди үй камагына чыгаруу тууралуу эки жолу өтүнүч келтирилгени, анын туугандары жана жактоочусу менен жолугушуулар өткөрүлүп турары, иш министрликтин да көзөмөлүндө экени белгиленди.
Бирок ТИМдин бул маалыматын келинге акысыз адвокаттык жардам берип жаткан теги кыргызстандык, Уфада жашаган Абдилазиз Бадалбаев четке кагууда. 13-майда “Азаттык” адвокат менен байланышканда ал консулдуктан эч ким байланышка чыкпаганын айтты.
45 жаштагы кыргызстандык Айнагүл Борбиева “Жети миллион рубль уурдап алган” деген шек менен Новосибирск шаарында 2021-жылдын ноябрында кармалган. Ошондон бери убактылуу тергөө абагында жатат. (RK)