Садыр Жапаров Москвада өтө турган ЖККУ саммитине катышат
Мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чаранын жыйынтыгында ЖККУнун 30 жылдыгына байланыштуу Жамааттык коопсуздук кеңешинин билдирүүсү кабыл алынат.
1992-жылы негизделген ЖККУнун курамында алты өлкө бар – Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан. (RK)