Бөлтүрүк: "Кумтөр" боюнча жаңы макулдашууга эки тарап тең пландуу түрдө даярданган
Ал “Центерранын” башка жолу болбогонун, кыргыз тарап жарашпай турганын билдиргенин айтты:
“Директорлор кеңешинде иштеп жатканда да мен “Силер менен ажырашабыз. Силер келтирген зыянга мындан ары чыдоо мүмкүн эмес” деп ачык айтчумун. Алар билишчү. Алар да, биз да даярдана баштаганбыз”.
Бөлтүрүк “Центерра” эски схемаларын колдонууга, пара берүүгө, опузалоого аракет кылганын, бирок президент Садыр Жапаровдун саясий эрки менен иш аягына чыкканын белгиледи.
Анын айтымында, кыргыз тарап ишке Батыштын юристтерин жана коррупциялык иштерге өзү, уулу, туугандары аралашканын моюнуна алган мурдагы президент Аскар Акаевдин көрсөтмөлөрүн кошкондо “Центерра” “башкача сүйлөй баштаган”.
Канадалык “Центерра” компаниясы башкарып келген Кумтөрдү кыргыз өкмөтү 2021-жылы май айында өз карамагына алган.
Президент Жапаров 4-апрелде элге кайрылуу жасап, “Центерра” менен доо арыздан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча макулдашууга кол коюлганын, Кыргызстан андагы 26 пайыздык акциясын өткөрүп, эки тарап доолордон баш тартарын жарыялаган жана мындан ары "Кумтөр Голд Компанинин" 100% акциясы Кыргызстанга таандык экенин билдирген.
"Бириккен демократиялык кыймыл" оппозициялык бирикмеси 13-апрелде Бишкекте жыйын куруп, бийликти бул макулдашуудан баш тартууга чакырган, аны менен өлкө экологиялык чыгымдарды өзүнө алганын утулуш деп атаган. (RK)