Балбан Алмаз Сманбеков Азия чемпионатында коло байге утту
Кыргызстандык балбан Алмаз Сманбеков Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында коло байге алды. Ал 57 килограмм салмакта өзбекстандык Гуломжон Абдуллаев беттешип, 9:7 эсебинде утту.
Мелдештин алгачкы эки күнүндө грек-рим күрөшү боюнча таймаштар өтүп, кыргызстандык балбандар Тынар Шаршенбеков, Акжол Махмудов жана Жоламан Шаршенбеков алтын уткан. Роман Ким, Адилхан Нурланбеков, Үзүр Жусупбеков коло байге алышкан. 23-апрелде дагы бир балбан Эрназар Акматбеков алтын үчун күрөшөт.
Кыз-келиндер күрөшүнөн Айпери Медет кызы алтын, Мээрим Жуманазарова менен Айсулуу Тыныбекова күмүш медаль тагынды. (SE)